2025-жылдын 29-апрелинде Эл аралык логистика жогорку мектеби тарабынан уюштурулган “Кыргыз Республикасындагы логистиканын жана транспорттун атаандаштыкка жөндөмдүүлүгү” деген темада IX Эл аралык студенттик илимий-практикалык конференция биздин окуу жайдын имаратында болуп өттү. Иш-чара өлкөдөгү логистикалык процесстерди жана транспорттук инфраструктураны өнүктүрүүгө кызыкдар болгон бизнес-коомчулуктун жана мамлекеттик органдардын алдыңкы эксперттерин, студенттерди чогултту.
Катышуучулар: Кадырбеков Калыс Максатбекович - Кыргыз Республикасынын Транспорт министрлигинин эл аралык ташуу жана интеграция бөлүмүнүн жетектөөчү адиси, Бейшенкулов Кайрат - Бишкек шаарынын мэриясынын транспорт башкармалыгы, Бейилбаев Эмир - ATI.SUнун Кыргызстандагы өкүлү, Турсуниязова Асель Айдарбековна - Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар ассоциациясынын аткаруучу директору Данилова Юлия Евгеньевна - "Байт Транзит Континент" ЖЧКсынын директору, Болотбек уулу Бекулан - "Умай Групп" ЖЧКсынын логистика боюнча директору, Апсатаров Мирлан Равшанбекович - "Би Групп ЛТД" ЖЧКнын өнүктүрүү боюнча директору жана башкалар.
Куттуктоо сөздөрүн илим боюнча проректор Алмазбек Момунович Арзыбаев, Логистика Жогорку мектебинин мектебинин директору Уметалиев А.С. айтышты.
Конференциянын жүрүшүндө төмөнкү негизги багыттар талкууланды:
Студенттер өздөрүнүн билимин жана изилдөө жөндөмүн көрсөткөн кызыктуу баяндамаларды жасашты. Конференциянын жыйынтыгында жеңүүчүлөр ар кандай номинациялар боюнча сыйланышты:
Атайын сыйлыкты – ATI.SU компаниясынын фирмалык белегин кыргыз тилинде доклад жасаган студент Мираида Убраимова алды, бул илимий чөйрөдө эне тилди сактоо жана өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилеген билдируу болду.
Конференция студенттер жана адистер арасында билим жана тажрыйба алмашуу үчүн маанилүү аянтча болуп, Кыргыз Республикасында логистиканы жана транспортту мындан ары өнүктүрүүгө салым кошту десек болот. Бардык катышуучуларга жигердүү катышып, иш-чаранын ийгиликтүү өтүшүнө салым кошкондугу үчүн ыраазычылык билдиребиз.