2025-жылдын 26-сентябрында И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде V Эл аралык логистика форуму өткөрүлдү.
Иш-чарага тармактын алдыңкы адистери, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, эл аралык өнөктөштөр жана студенттер катышты.
Форум Кыргызстандын регионалдык логистикалык хабы катары өнүгүүсү боюнча стратегиялык демилгелерди талкуулоо үчүн аянтча болуп берди.
Иш-чараны КМТУнун ректору Мирлан Чыныбаев ачып, мамлекеттин, илимдин жана бизнестин күчтөрүн бириктирүү аркылуу заманбап логистикалык борборду түзүү маанилүүлүгүн белгиледи.
Форумдун жогорку коноктору катары Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министрлигинин биринчи орун басары Чоро Сеитов, Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министрлигинин санариптик өнүгүү боюнча орун басары Бекжан Рысмендеев, Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Канат Сагынбаев, Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин биринчи орун басары Ализа Солтонбекова, ошондой эле логистика жана транспорт ассоциацияларынын өкүлдөрү катышты.
Эл аралык деңгээлде форумга Венгриядагы Мишкольц университети онлайн аркылуу кошулду. Бул катышуу Кыргызстанда логистика тармагын өнүктүрүүдө эл аралык тажрыйба жана глобалдык практикаларды талкуулоого мүмкүнчүлүк берди.
Пленардык сессиянын модератору, КМТУнун Эл аралык жогорку логистика мектебинин директору, профессор Акылбек Уметалиев, катышуучулар менен тармактын негизги багыттарын талкуулады алар:
Форумдун программасы теориялык изилдөөлөр менен практикалык кейстерди айкалыштырып, катышуучуларга тармактын учурдагы чакырыктары жана аларды чечүү мүмкүнчүлүктөрү тууралуу терең түшүнүк берди.
Иш-чаранын жыйынтыгында мыкты катышуучулар ыраазычылык каттар жана форумдун белгиси менен сыйланышты, ар биринин Кыргызстанда логистика секторун өнүктүрүүгө кошкон салымы белгиленди.
Иш-чара мамлекеттик органдардын, эл аралык өнөктөштөрдүн, тармактык эксперттердин жана студенттердин кызматташтыгын бекемдеген аянтча болуп, тажрыйба алмашуу, биргелешкен изилдөөлөрдү жүргүзүү жана өлкөнү Борбордук Азиядагы негизги логистикалык борбор катары өнүктүрүү боюнча сунуштарды иштеп чыгууга мүмкүнчүлүк түздү.