2025-жылдын 15-17-октябрь күндөрү Эл аралык Жогорку Логистика Мектебинин (ЭЖЛМ) 100 студенти Алматы шаарында окуу экскурсиясына жана ПЛЦ «Мишлен» форматындагы логистика форумуна катышты. Бул иш-чаралар «Транссистема» логистика консорциумунун колдоосу менен, жетекчиси Василий Валентинович Королёвдун демилгеси менен ALT University кампусунда өткөрүлдү.
Окуу экскурсиясынын алкагында студенттер заманбап логистикалык кампаларга жана таратма борборлорго барышып, жүк сактоо жана иштетүү технологиялары менен таанышып, негизги транспорт операторлорунун иштөө өзгөчөлүктөрүн көрүштү. Практикалык тажрыйба студенттерге теориялык билимдерин чыныгы шарттарда колдонууга мүмкүнчүлүк берди.
Форумда «Тэффективдүү логистиканын негизги элементтери» темасы боюнча катышуучулар тармактын өнүгүү маселелерин, инновациялык чечимдерди, процесс цифровизациясын жана туруктуу логистиканы талкуулашты. Форум ар кайсы өлкөлөрдөн келген адистер менен тажрыйба алмашууга жана профессионалдык байланыштарды түзүүгө мүмкүнчүлүк берди.
17-октябрда чакырылган эксперт, Эдуард Теодорович Каплан, «Азыркы заманбап логистиканын 5 тренди» деген темада лекция окуп, студенттердин кызыгуусун жаратып, алардын кесиптик өсүүсүнө жана жаңы технологияларды өздөштүрүүсүнө дем берди.
Окуу экскурсиясына жана форумга катышуу студенттерге билимдерин тереңдетип гана тим болбостон, эл аралык көз карашын кеңейтүүгө, глобалдык логистиканын чакырыктары менен келечектерин түшүнүүгө мүмкүнчүлүк берди. Бул тажрыйба алардын кесиптик өнүгүүсүндө маанилүү кадам болуп, эл аралык логистика тармагында ийгиликтүү карьерага даярдык болот.