Семинарды TÜBAнын президенти Prof. Dr. Muzaffer Şeker ачып, үй-бүлөлүк бизнес эволюциясын изилдөөнүн маанисин жана илим, мамлекет, бизнес кызматташтыгынын туруктуу өнүгүү үчүн зарылдыгын белгиледи.
Иш-чарада Түркиянын ири үй-бүлөлүк компаниялары — Yıldız Holding, Sinpaş GYO, Eksim Holding, Kale Group жана Hayat Holding өкүлдөрү сөз сүйлөп, туруктуу өнүгүү стратегиялары, жашыл стандарттар, ESG-практикалары, инновациялар жана баалуулуктардын муундар аралык өткөрүлүшү боюнча тажрыйбалары менен бөлүштү.
Айгерим Акматова «Борбор Азиядагы үй-бүлөлүк ишканалар: башкаруу, туруктуулук жана муундар аралык трансформация» аттуу докладын сунуштап, аймактагы үй-бүлөлүк бизнес өзгөчөлүктөрүн жана заманбап чакырыктарга ыңгайлашуу жолдорун баяндады.
Анын катышуусу Кыргызстан менен Түркиянын академиялык кызматташтыгын чыңдоого өбөлгө түзүп, кыргызстандык жаштардын эл аралык илимий демилгелерге активдүү катышуусунун көрүнүктүү мисалы болду.