ЮНИДОнун эксперти Марат Усупов Эл аралык Логистика Жогорку Мектебинде лекция окуду

13-11-2025
3

2025-жылдын 13-ноябрында Эл аралык Логистика Жогорку Мектебинде НИИЭк директорунун эл аралык өнүктүрүү боюнча кеңешчиси, Чрезвычайный жана Ыйгарым укуктуу Элчи, ЮНИДОнун Кыргызстандагы өкүлү (2009–2021-жж.) Марат Макаевич Усупов тарабынан ачык лекция өткөрүлдү.

Лекция учурунда Марат Макаевич эл аралык уюмдардагы бай тажрыйбасы менен бөлүшүп, индустриализациянын жана туруктуу өнүгүүнүн глобалдык тенденциялары тууралуу айтып берди. Ошондой эле мамлекеттик сатып алуулардагы заманбап ыкмалар жана экономикалык өнүгүүдө ачык-айкындуулуктун ролуна кеңири токтолду.

МВШЛдин студенттери жана окутуучулары дүйнөлүк деңгээлдеги экспертке суроолорду берип, өнөр жай жана логистика тармактарынын актуалдуу практикаларын талкуулоого мүмкүнчүлүк алышты.

Марат Макаевичке мазмундуу лекциясы жана илимий чөйрөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн терең ыраазычылык билдиребиз!

Галерея