Биринчи курстун студенттерине арналган «Политехке саякат» иш-чарасы өттү

19-11-2025
30

Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин биринчи курстун студенттерине арналган чоң маданий иш-чара — «Политехке саякат», быйыл «Повод» клубунда жогорку деңгээлде өткөрүлдү.

Бул кече жаңы кабыл алынган студенттердин университеттик жашоого расмий аралашуусун белгилеп, алардын чыгармачылык жөндөмүн, биримдигин жана университетке болгон сезимин бекемдөөгө багытталды.

Биринчи курстун студенттери белгилүү сюжеттердин негизинде даярдаган кичи-мюзиклдерин аткарып, өз таланттары менен көрүүчүлөрдү суктандырды. Командалар «Кунг-Фу Панда», «Моана», «Аватар», «Скуби-Ду», «Башоломка», «Монстры на каникулах» темаларында жандуу номерлерди көрсөтүштү.

Айта кетсек, бул номерлер институттар аралык куралма командалар тарабынан даярдалып, студенттердин биримдиги жана чыгармачыл потенциалы ар бир чыгышта айкын көрсөтүштү.

Иш-чаранын ийгиликтүү өтүшүнө төмөнкү өнөктөштөр колдоо көрсөтүштү:

— Электроника жана телекоммуникациялар боюнча илимий-изилдөө инновациялык борбору;

— Энактас Кыргызстан жаштар уюму;

— «Техно Премьер» компаниясы;

— Optima Bank;

— ZTE Кыргызстан;

— «Самара Академия» билим берүү борбору;

— Евразия фонду.

Иш-чаранын сапаттуу бааланышына өз салымын кошкон жюри — көрүнүктүү инсандардан, ийгиликтүү бизнес өкүлдөрүнөн, жаштар уюмдарынын лидерлеринен, чыгармачыл чөйрөнүн өкүлдөрүнөн жана актерлордон турган абройлуу курам болду.

Жыйынтыктар:

ГРАН-ПРИ:

— Маалыматтык технологиялар институту + Технологиялык институт — 30 000 сом

— Кыргыз тоо-кен металлургиялык институту + Электроника жана телекоммуникациялар институту — 30 000 сом + 10 000 сом (жюринин атайын сыйлыгы Enactus Кыргызстандан)

1-орун:

— Экономика жана бизнес жогорку мектеби — 20 000 сом

2-орун:

— Кыргыз–Герман техникалык институту + Энергетика институту — 10 000 сом

3-орун:

— Транспорт жана робототехника институту + Кыргыз курулуш институту — 10 000 сом

4-орун:

— Архитектура жана дизайн институту + Эл аралык логистика жогорку мектеби — 10 000 сом

Мындан тышкары, университет бардык институттарга кочмө музыкалык колонкаларды белекке тапшырды.

«Политехке саякат» биринчи курстун студенттерине зор шыктануу тартуулап, студенттик жашоонун жаңы барагын ачкан маанилүү маданий окуя катары эсте калды.

Галерея