13-февралда Эл аралык жогорку логистика мектебинин 2- жана 3-курстарынын студенттери үчүн «Парадигма Транс» компаниясынын өкүлдөрүнүн катышуусунда ачык лекция өткөрүлдү.
Иш-чаранын спикерлери катары компаниянын операциялык директору Сергей Чесалин жана логистика багытынын жетекчиси Гульмеис Кожонова сөз сүйлөштү.
Ачык лекциянын жүрүшүндө логистиканын заманбап өнүгүү тенденциялары, транспорттук жана кампа процесстерин уюштуруунун практикалык аспектилери, рынок шарттары өзгөргөн учурда логистикалык компаниялардын ишмердүүлүгүнүн өзгөчөлүктөрү, ошондой эле иш берүүчүлөрдүн жаш адистерге койгон кесиптик талаптары тууралуу маалымат берилди. Практикага багытталган окутуунун маанисине, логистика тармагындагы карьералык мүмкүнчүлүктөргө жана жеткирүү чынжырларын башкарууда санариптик технологиялардын ролуна өзгөчө көңүл бурулду.
Лекция студенттердин чоң кызыгуусун жаратты жана суроо-жооп бөлүгү менен коштолду. Мындай иш-чаралар билим берүү мекемелери менен бизнес-коомчулуктун кызматташуусун бекемдөөгө жана келечектеги логистика адистерин даярдоонун сапатын жогорулатууга өбөлгө түзөт.