Өткөн жылдын январь-сентябрына салыштырмалуу экономиканын финансы секторунун уюмдарынын кирешеси дээрлик үчтүн бир бөлүккө көбөйдү

28-11-2020
1628

2020-жылдын январь-сентябрында экономиканын финансы секторунда 622 уюм, анын ичинде Улуттук банк, 23 коммерциялык банк, 583 банктык эмес финансылык-кредиттик уюм жана 15 камсыздандыруу компания иш жүргүздү.

2020-жылдын 9 айында алар тарабынан 41,2 млрд. сом суммасында киреше алынды, бул өткөн жылдын тийиштүү мезгилине караганда 32 пайызга көп. Мында өсүштүн 95,6 пайызын банк сектору камсыздады.

Финансы секторунун уюмдарынын чыгымдарын айта кетсек, алар ушул эле мезгилде 16 пайызга өсүп жана 29,2 млрд. сомду түздү.

Январь-сентябрда экономиканын финансы секторунун ишканаларынын ишмердиктеринин көрсөткүчтөрү (млн. сом)

2020-жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча экономиканын финансы секторунун ишканалары тарабынан 12 млрд. сом пайда өлчөмүндө оң сальдолоштурулган финансылык жыйынтык алынды, бул өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу ушул эле көрсөткүчтөн 2 эсе жогору. Пайданын өсүшүнүн 95 пайызын банк системасы жана 4,2 пайызын - микрокредиттик уюмдар камсыз кылышкан.

2020-жылдын январь-сентябрында финансы секторунун рентабелдүү уюмдарынын үлүшү алардын жалпы санынын 61 пайыздан ашыгын түздү, ал эми 20 пайызга жакын уюмдар чыгым алды.