Премьер-министрдин м.а. Артем Новиков: ЭЭА башкарууга карай мамилени өзгөртүү керек

23-01-2021
1837

Эркин экономикалык аймактарды башкарууга карай мамилени өзгөртүп, анын иштөө механизмин жана шарттарын толугу менен кайрадан карап чыгуу керек. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артём Новиков Чүй облусунун Ак-Чий аймагындагы «Бишкек» (ЭЭА) Эркин экономикалык аймагына баруусунда билдирди.

«Иш жүзүндө ЭЭА активдүү өнөр жай зонасы катары экономиканы тездетилген өнүктүрүүчү орун катары эмес, кадимки аймактардын катарында болуп калды, ал орун алган жерде ЭЭА принциптери болгон коммуникация жана жери гана калган», - деди ал.

Өкмөт башчынын м.а. өндүрүштүк цехтерди көрүп чыгып, «Бишкек» ЭЭА иштеп жаткан ишкерлер менен жолугушту.

ЭЭА субъектилери менен баарлашуунун жүрүшүндө салык салуу, продукцияны экспорттоо, энергетикалык кубаттуулуктардын жетишсиздиги, уруксаат документтерин алуудагы бюрократиялык тоскоолдуктар, ошондой эле коңшулаш мамлекеттердин чек арасын кесип өтүүдөгү жаралып жаткан тоскоолдуктарга тийиштүү көйгөйлүү маселелер айтылды.

Өз кезегинде Артем Новиков белгилегендей, экономиканын драйвери катары ЭЭА өнүктүрүү – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишиндеги артыкчылыктуу багыттардан болуп саналат.

«Биз ЭЭА кандай мүмкүнчүлүгү бар экендигин көрүп турабыз. Мыйзамдагы кемчиликтер инвесторлорду өлкөбүзгө инвестициялоо үчүн мыкты шарттардан обочолонтуп турат. Ишкерлер өз ишмердүүлүгүн башка өлкөлөргө которуп кетүүсүнө жол бербөө керек. Биз бизнесмендерге өзгөчө шарттарды түзүү үчүн чечкиндүү аракеттерди кабыл алабыз. ЭЭА реанимациялоо үчүн убакыт келип жетти», - деп белгиледи Артем Новиков жана 2021-жылдын 1-февралына чейинки мөөнөттө ЭЭА өнүктүрүүнүн жаңы концепциясын сунуштоону тапшырды, мында өзгөчө көңүл ишкерлер тарабынан айтылган көйгөйлүү маселелерди комплекстүү түрдө чечүүгө бурулушу кажет.

Галерея