Европа Бирлиги мигранттардын каржылык сабаттуулугун жогорулатуу максатында 900 миң евролук долбоорду баштайт

19-02-2021
1193

Европа Бирлиги санариптик жана финансылык сабаттуулук көндүмдөрүн өркүндөтүүгө, үч пилоттук региондон - Ысык-Көл, Нарын жана Ош шаарларынан келишкен жаш мигранттардын ишкердүүлүгүнө 900 миң еврого жакын каражат сарптайт. Бул тууралуу Европа Бирлигинин Кыргыз Республикасындагы Өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, "Электрондук сапат" долбоору 2,5 жылга эсептелген. Аны баштоо үчүн ЕСтин, Болгариянын Билим берүү, илим жана маданият палатасынын, Эл аралык InAQA сапатын камсыздоо агенттигинин өкүлдөрү, ошондой эле Кыргызстандын эксперттик коомчулугу жолугушат.

Онлайн режиминдеги координациялык жолугушуунун алкагында катышуучулар долбоордун милдеттерин, иш пландарын жана күтүлүп жаткан натыйжаларын талкуулап, такташат.

Эскерте кетсек, өткөн жылдын декабрь айында Ош жана Ысык-Көл облустарынын айылдарындагы жаштардын жана аялдардын санарип сабаттуулугун жогорулатуу боюнча ЕСтин дагы бир программасы башталган. Аны ишке ашыруу үчүн Европа Бирлиги 991 миң евро бөлгөн.