Кыргыз Республикасында агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү үчүн МЖӨ колдонулат

20-02-2021
1240

МЖӨ агроөнөр жай комплексин өркүндөтүү үчүн колдонулат, буга байланыштуу МЖӨ долбоорлорун илгерилетүү боюнча ишти күчөтүү пландаштырылууда. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин сайтында маалымдалды.

Агроөнөр жай комплексинде мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизмдерин илгерилетүү максатында МЖӨ борбору 18-февралда Айыл чарба министрлигинде МЖӨ долбоорлорун, тендердик документтерди даярдоонун жана тендер өткөрүүнүн жол-жоболору боюнча окуу семинарын өткөрдү.

Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору ишин улантат жана айыл чарба министрлигине агроөнөр жай комплексинде МЖӨ долбоорлорун издөөгө жана демилгелөөгө көмөктөшөт деп кошумчалайбыз.