Түштүк Кореялык компания Кыргызстанда генераторлорду чыгарууну баштоону сунуш кылды

18-02-2021
1218

Түштүк Кореялык Taechang N.E.T. Co LTD компаниясы Кыргызстанда гидро жана шамал генераторлорун өндүрүү боюнча биргелешкен ишканаларды ачууну сунуш кылды. Мындай сунушту Кыргызстандын Кореядагы элчиси Динара Кемелова компаниянын президенти Жи Ин Хо менен жолугушууда айтты.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, тараптар энергетика жаатында кызматташуу, инвестицияларды тартуу, Кыргызстанда жаңылануучу энергия булактарын өнүктүрүүгө гранттык жана техникалык жардам көрсөтүү, ошондой эле мини-энергетика боюнча биргелешкен гидроэлектростанциялар жана шамал энергиясы боюнча долбоорлорду илгерилетүү маселелерин талкуулашты.

Жыйынтыгында элчи келечектүү инвестициялык долбоорлорду биргеликте ишке ашырууну сунуш кылды.