«Мектепке чейинки жеке мекемелер үчүн товарларды натыйжалуу сатып алуу боюнча 7 кадам» колдонмосу

04-11-2021
1202

2021 - жылы И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин "Логистика" багытынын 42 бакалавр квалификациялык иштерин жана 8 магистр магистрдик диссертацияларын ийгиликтүү жакташкан. 50 окуучунун 43ү "эң жакшы", 7си "жакшы" деген баа алышты. Сатып алуулар логистикасы студенттери аналитикалык, изилдөө жана практикада колдоно турган тармактарда мыкты квалификациялык иштерин жана магистрдик диссертацияларды жазышкан. Биз вебсайтыбыздын баракчасында студенттерибиздин эң актуалдуу чыгармаларын тынымсыз жарыялап турабыз.

Чоң жана орто бизнестин өкүлдөрү сатып алуу ишмердүүлүгүндө дайыма мамлекеттик сатып алуулардын принциптерин жана жол-жоболорун шайкеш келтирип, колдонушат. Иллюстрациялык мисал катары студент Азима Исаеванын "Рухий-Мурас" жеке ишканасын мисалында мектепке чейинки мекемелер үчүн сатып алуулар боюнча колдонмону иштеп чыгарган.

Абстракт.

Жаш муундун ден соолугун жана өнүгүүсүн коргоо мамлекеттин жана коомдун эң маанилүү стратегиялык милдети болуп саналат, анткени чоң кишинин ден соолугунун жана моралдык сапатынын пайдубалы так балалыкта түптөлөт. Заманбап дүйнөдө, сапат стандартына жооп бербеген, арзан баада жана коопсуз болбогон көп сандагы товарлар жана кызматтар, мында балдардын ден соолугуна өзгөчө өзгөчө коркунуч жаратат. Билим берүү уюмдарында кооптуу товарлардын болушунун дагы бир жалпы себеби - сатып алуучу уюмдардын кызматкерлери, анын ичинде тендердик комиссиялар, сатып алуу бөлүмдөрү, товарлардын экологиялык мүнөздөмөлөрү боюнча жетиштүү түшүнүккө ээ болбогондугу жана сүрөттөлгөн тобокелдиктерди эске албастан тандоо жасашат. Биринчи бөлүмдө мен сатып алуу секторунун жалпы түшүнүктөрүн жана мектепке чейинки жеке мекемелер үчүн берилген товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн коопсуздугуна карата жалпы талаптарды карап чыктым. Мен ошондой эле товарларды кантип эффективдүү сатып алууну, кандай техникалык, санитардык, юридикалык жана мамлекеттик стандарттарга ылайык келиши керектигин көрсөттүм. Экинчи бөлүмдө мен "Тунгуч - Наристе" жеке ишканасын талдап чыктым. Мен болгон акча-каражаттардын сарпталышын, чыгымдарды жана ишкананын кирешесин эсептеп чыктым. Мен логикалык-графикалык проблемалардын дарагын куруп, ал ишкананын негизги көйгөйү эмне экенин, анын себептери менен кесепеттерин ачык көрсөткөм. Ал эми үчүнчү бөлүмдө мен "7 кадам" көрсөтмөсүн иштеп чыктым.