КМТУда PhD докторанттар үчүн илимий семинарларды даярдоо цикли БАШТАЛДЫ

28-03-2022
1452

19-мартта КМТУнун Докторантурасы тарабынан уюштурулган PhD докторанттар, аспиранттар, жаш окумуштуулар үчүн илимий семинарлардын цикли башталды.

Кандидаттык диссертациянын концепциясы жана мазмуну боюнча биринчи семинарды КМТУнун логистика кафедрасынын профессору, доктор Денни Чо (АКШ) өткөрдү.

Кызыктуу лекция угуучуларды диссертациялык изилдөөнүн мазмунун пландаштыруунун негиздери, негизги этаптары, мүмкүн болуучу тоскоолдуктар жана аларды жоюунун жолдору менен тааныштырды.

Лекция АКШ, Улуу Британия жана Африкада PhD изилдөөлөрдү уюштуруунун бай тажрыйбасына негизделген. Угуучулар көптөгөн суроолорду беришти, семинар абдан кызыктуу өттү.

Галерея