1-июнь күнү окуу жайыбызга иш сапары менен Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары Календеров Улугбек Ибраимович келди.

02-06-2022
1477

Улугбек Ибраимович И. Раззаков атындагы КМТУнун ректору Мирлан Койчубекович Чыныбаев менен жолугушуп, андан соң, Логистика жана мамлекеттик сатып алуулар илимий-изилдөө борборуна (PPLO) барды. Улугбек Ибраимович ошондой эле Логистика жана мамлекеттик сатып алуулар боюнча илимий-изилдөө борборунун директору, КМТУнун «Логистика» кафедрасынын жетекчиси Акылбек Сапарбекович Уметалиев менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушуу натыйжалуу жана пайдалуу болуп өттү, анда келечектеги мамлекеттик сатып алуулар боюнча адистерди даярдоо, мамлекеттик сатып алуулар боюнча маалыматтарды анализдөө инструменттери жана Кыргыз Республикасында 7-9-июнь аралыгында өтө турган мамлекеттик сатып алуулар форуму талкууланды.