“Улуттук инновациялык экосистеманы курууда университеттердин ролу” аттуу дүйнө ректорлорунун форуму

16-09-2022
1778

2022-жылдын 14-15-сентябрында Бишкекте “Улуттук инновациялык экосистеманы курууда университеттердин ролу” аттуу Дүйнөлүк ректорлордун форуму өттү. Форумдун уюштуруучулары - Билим берүү жана илим министрлиги жана Бүткүл дүйнөлүк интеллектуалдык менчик уюму. Форумда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров университеттерди өнүктүрүү боюнча актуалдуу жана алгылыктуу сунуштар менен чыгып сүйлөдү. Андан ары дүйнөнүн 100дөн ашуун өлкөсүнүн университеттеринин ректорлору университеттердин илимий-инновациялык ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу, интеллектуалдык менчикти коммерциялаштыруу жана технологияларды трансферттөө ыкмаларын талкуулашты. Форумга катышуу үчүн Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин Эл аралык логистика жогорку мектебинин (ЭЛЖМ) өнөктөштөрү келишти:

  • доктор Хасиб Ахмед жана Кеттеринг университетинин профессору Джон Гретер, Мичиган, АКШ, кеңири kettering.edu;
  • профессор Питер Тамаш жана Венгриянын Мишкольц университетинен профессор Питер Вереш, кеңири uni-miskolc.hu/en.

Биздин бардык өнөктөштөр пленардык жана сессиялык отурумдарда өздөрүнүн баяндамалары жана презентациялары менен активдүү жана жемиштүү чыгып сүйлөп, бардык талкууларга катышып, Форумдун темасы боюнча өздөрүнүн билими жана тажрыйбасы менен бөлүшүштү.

Галерея