Эмне үчүн мен логистиканы тандадым? - Шейшенбекова Айназик

21/11/2025
37 | 0
Шейшенбекова Айназик
Эссе

Мен «логистика» деген сөздү биринчи жолу укканда, анын так маанисин дароо түшүнгөн эмесмин. Бирок бул кесип жөнүндө көбүрөөк маалымат издеп алган сайын, ал мени барган сайын кызыктыра баштады. Бүгүн болсо ишенимдүү түрдө айта алам: мен логистиканы тандадым, анткени бул заманбап, керектүү жана абдан кызыктуу тармак.

Келечектеги кесипти тандоо — ар бир адамдын жашоосундагы эң жооптуу чечимдердин бири. Ал чечимден биздин карьерабыз гана эмес, ишибизге болгон кызыгуу, өз ордубузду табуу жана келечекке болгон ишеним да көз каранды болот. Мен ким болорум тууралуу ойлонгондо, уюштурууну, кыймылды жана заманбап технологияларды жактырган адам катары, өзүмө ылайыктуу багыт — логистика экенин түшүндүм.

Азыр мен 1-курста жана 2+2 программасы боюнча билим алам. Бул программага ылайык, мен алгач Кыргызстанда эки жыл окуйм, андан кийин Кытайда дагы эки жыл билим ала алам. 2-курстун аягында кытай тилинен экзамен тапшырып өтсөм, кытайда окууну улантуу мүмкүнчүлүгүм болот. Бул мен үчүн чоң мотивация, анткени логистика — эл аралык тармак, жана Кытайда билим алуу келечекте чоң мүмкүнчүлүктөрдү ачат.

Азыркы заманда логистиканын мааниси абдан жогору. Соода-сатык өсүп жатат, жаңы технологиялар пайда болууда, дүйнө улам байланышып баратат. Ушул шартта логистикасыз бир да иш тармагы толук иштей албайт. Ошондуктан мен логистиканы келечектүү кесип деп эсептейм — бул дайыма талапта боло турган багыт.

Мен логистиканы тандадым, анткени бул кесип азыркы дүйнөнүн ажырагыс бөлүгү. Ал жоопкерчилик, тактык жана тынымсыз өнүгүүнү талап кылат. Мен бул тармакта өзүмдү көрсөтүп, коомго пайда алып келип, ийгиликтүү карьера кура алам деп ишенем.