Эмне үчүн мен логистиканы тандадым - Болотбеков Амангелди

28/11/2025
25 | 0
Болотбеков Амангелди
Эссе

Кесип тандоо — адам жашоосундагы эң маанилүү чечимдердин бири. Ал биздин келечекке, жеке өсүүгө, ишке болгон мамилеге жана коомго кошкон салымыбызга таасир этет. Кесиптик жолумду тандап жатып, көп багыттарды карадым, бирок акырында логистиканы тандадым.

Башында көп күмөн санагам: «Бул туурабы? Келечеги барбы?» деп. Бирок убакыт өтүп, туура тандоо кылганыма ишендим. Бүгүн мен айта алам: бул кызыктуу да, абдан талап кылынган да кесип.

Логистика — Кыргызстандагы эң келечектүү тармактардын бири. Өлкө транспорттук инфраструктураны өнүктүрүүдө — жаңы жолдор, темир жолдор, жаңыланган аэропорттор. Акыркы жылдары Кытай менен кызматташуу өзгөчө күчөдү, айрыкча логистика багытында. Эмгек рыногунда адистер жетишсиз, ошондуктан логисттер дайыма керек.

Мындан тышкары, логистика мамлекеттин өнүгүүсүндө стратегиялык роль ойнойт. Башка өлкөлөр көрсөткөндөй, жакшы логистикалык система экономикага чоң пайда алып келет, товар жүгүртүүнү тездетет жана жашоо сапатын жакшыртат.

Логистикада иштеп, өлкөбүздүн келечегин курууга салым кошкум келет: транспорттук байланыштарды жакшыртып, процесстерди оптималдаштырып, келечек муунга логистиканын маанисин үйрөтүү.

Ошентип, менин тандоом кокустук эмес. Логистика — келечектүү, маанилүү жана талап кылынган тармак. Бул жол мага чоң мүмкүнчүлүктөрдү ачарына ишенем.

Бул текстти окуп жаткан окурмандарга билдирүү: кесип тандоо маанилүү, бирок жашоодогу эң негизги нерсе эмес. Харуки Мураками айткандай: «Ар бир күнүңөрдү акыркы күндөй жашагыла». Башкысы — жылмаюу менен жашоо. Силер менен Аман — жакында жолугушканча!