Аннотация: Бул макаланын темасынын актуалдуулугу абдан жогору, анткени бүгүнкү күндө шаардык транспорттун өнүгүшү урбанизациянын өсүшү, транспорттук көйгөйлөр, ошондой эле экологиялык жана экономикалык пайдалуулук менен түздөн-түз байланыштуу.
Бул макалада шаардык коомдук транспорт айдоочулары күн сайын туш болгон көйгөйлөр каралат, мисалы: жолдордун тыгынга толушу, жолдордун начар абалы, коомдук транспорт үчүн өзүнчө тилкелердин бөлүнбөшү.
Ошондой эле автобустардын, троллейбустардын жана кичи автобустардын жетишсиздигинен улам шаар тургундары ыңгайлуулук жана коопсуздук максатында жеке автоунааларды жана таксини тандап жатышат. Мунун натыйжасында шаарда унаалардын саны көбөйүп, жол тыгындары да артууда.
Негизги көңүл шаардык коомдук транспорттун жеткиликтүүлүгүн жана ыңгайлуулугун жогорулатууга, абалды жакшыртууга бурулат. Ошондой эле жаңы каттамдарды ачуу же экологиялык жактан таза транспорт түрлөрүн колдонуу сыяктуу жолдор аркылуу кырдаалды жакшыртуунун мүмкүнчүлүктөрү каралат.
