Логистика жана жеткирүү чынжырынын менеджменти

21/10/2020
2665 | 0 | 152

Чыгарылып жаткан окуу куралы керектөөчүлөргө баалуулуктарды жаратуу үчүн дүйнө жүзүндө логистиканын жаӊы директивдерин ишке ашырууга жана атаандаштык артыкчылыктарына жетүүгө багытталган жана өлкөбүздө логистиканы колдонуу боюнча олуттуу салымын кошот. Себеби окуу куралын даярдоодо АКШ, Улуу Британия, Германия, Россия жана дагы ар кандай мамлекеттерде тынымсыз жарыяланып турган басылмалар, практикалык тажрыйбалар жана окуу материалдары колдонулду. Андан тышкары акыркы 15 жыл аралыгында мен кызматыма байланыштуу логистика тармагы ѳнүккѳн ѳлкѳлѳрдүн окумуштуулары жана адистери менен баарлаштым, алардан эбегейсиз тажрыйба жана билим алдым. Ушулардын баары окуу куралын даярдоодо колдонулду. Кошумча айтаарым, менин аткарган ишиме салымын кошушкан «Логистика» кафедрасындагы кесиптештериме - Кыдыков Азизбекке, Амиди Татьянага, Доолотбакова Аидага, Муканов Тынчтыкка ыраазычылык айтам.