Кыргыз Республикасында мамлекеттик сатып алуулар процессин илимий изилдөөлөрүн күчөтүү жана жандандыруу жөнүндө

22/12/2020
1319 | 0
Долотбакова Аида Кенешовна

"Логистика" кафедрасынын доценти, э.и.к.
И.Раззаков атындагы КМТУ

Кыргыз Республикасынын базар мамилелери тутумуна өтүшү өлкөнүн өнүгүү шарттарын түп-тамырынан бери өзгөрттү. Белгиленген аймакта бардык процесстерди комплекстүү жана сарамжалдуу пайдалануунун негизинде мамлекеттин туруктуу жана тең салмактуу өнүгүүсүн камсыз кылуу биринчи кезектеги милдетке айланууда.

Мамлекеттик сатып алуулар - бул күнүмдүк керектүү процесс. Бул процесс туруктуу өркүндөтүүнү талап кылат, анткени чыныгы жашоо жаңы талаптарды, жаңы шарттарды коюп жатат. Демек, бюджеттик каражаттарды натыйжалуу жана сарамжалдуу пайдалануу мамлекеттик милдет болуп саналат. Мамлекетик сатып алуулар тутумун мамлекеттик керектөөлөрдү канааттандырууга багытталган мамилелердин маңызын жана формаларын, ошондой эле бул мамилелерге катышкан адамдарды аныктоочу эрежелердин жыйындысы деп түшүнүүгө болот [7, 2016; 8, 2016].

Мырзакерим уулу Б. башка өлкөлөрдүн өнүгүү тажрыйбасын изилдеп жатып, мамлекеттик сатып алуулар тутумунун өнүгүшү ар дайым этап-этабы менен жүрөрүн жана кээде узак убакытты талап кылаарын көрсөтөт. Мисалы, Америка Кошмо Штаттары биринчилерден болуп сатып алууларды жөнгө сала баштаган жана 1792-жылы мамлекеттик сатып алуулар боюнча биринчи федералдык мыйзам кабыл алынган, бирок сатып алуу процесси ХХ кылымдын башында гана натыйжалуу жана сарамжалдуу боло баштаган [17, 2019].

Кыргыз Республикасынын шарттарында институционалдык өнүгүүнүн жана мамлекеттик сатып алуулар тутумунун натыйжалуулугун жогорулатуунун зарылдыгы А.С.Уметалиевдин эмгектеринде кеңири талкууланат. Ал белгилегендей, адекваттуу укуктук-ченемдик база жана институционалдык инфраструктура болгондо гана, сатып алуучу уюмдар натыйжалуу иштей алышат, ошондой эле сатып алууларга катышкан кызматкерлердин кесипкөйлүгү жана чынчылдыгы талап кылынат. Мамлекеттик кызмат тутумуна сатып алуулар менен байланышкан өзүнчө кесиптик багытты киргизүү кесипкөйлүктү камсыз кылуу жагынан маанилүү аспект болуп саналат [20, 2010].

Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик сатып алуулар тутумунун ченемдик укуктук базасын эске алуу менен, А.С.Уметалиев бюджеттик каражаттарды натыйжалуу пайдаланууну камсыз кылуу, ошондой эле коррупциялык схемаларды азайтуу үчүн ченемдик укуктук актыларды өркүндөтүү керек деп жазат [21, 2013].

Г.Ж.Сабырова Кыргызстандын мамлекеттик сатып алууларда болжол менен 30 миллиард сом айланып, жыл сайын ички дүң продуктунун 15%дан ашыгы мамлекеттик сатып алууларга жумшаларын белгилейт. Бюджеттик каражаттардын туруктуу тартыштыгын эске алуу менен, аларды ар дайым эффективдүү жана үнөмдүү пайдалануу актуалдуу маселе болуп келген жана кала берет. Ошондуктан, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдында турган маанилүү маселелердин бири - мамлекеттик сатып алуулар жол-жоболорунун ачыктыгын жана айкындыгын камсыз кылуу. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү мамлекеттик сатып алуулар жаатында реформа жүргүзүүнү 1994-жылы баштаган жана 1997-жылдын апрелинде Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" биринчи Мыйзамы кабыл алынган. Андан бери сатып алууларды жөнгө салуучу мыйзамдык база үзгүлтүксүз кайра каралып келген.

Г.Ж.Сабырованын айтымында, ички аудит учурдагы жеткиликтүү жана ошол эле учурда бааланбаган ресурстардын катарына кирет, анын туура пайдаланылышы мамлекеттик сатып алуулардын натыйжалуулугун жогорулатат. Мамлекеттик сатып алуулардын аудити - түзүлгөн келишимдер, түзүүгө жана аткарууга пландаштырылган келишимдер боюнча сатып алуу чыгымдарынын мыйзамдуулугу, максатка ылайыктуулугу, негиздүүлүгү, өз убагында болгонуу, натыйжалуулугу жана результативдилуулугу жөнүндө маалыматтарды текшерүү, талдоо жана баалоо [19, 2014].

Т.Ш.Абдыровдун жана А.А.Адылбековдун бир нече эмгектери деталдуу илимий изилдөөлөргө арналган. Алар мамлекеттик сатып алуулардагы олуттуу өзгөрүүлөр 2011-жылы, өкмөт электрондук тутумду киргизүү менен бул жаатта реформа баштаганын белгилешти. Реформанын натыйжасында электрондук мамлекеттик сатып алуулардын бирдиктүү тутуму киргизилген. Аны түзүү иштери "Инфо-Система" мамлекеттик мекемеси тарабынан жүргүзүлүп, 2012-жылы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алуулар боюнча маалымат порталы да түзүлгөн. 2013-жылдын май айынын акырына карата порталдын колдонуучуларынын саны 1843 сатып алуучу уюмдар менен камсыздоочуларга жетти. Ошол эле учурда, мамлекеттик сатып алуулардын катышуучуларынын жалпы саны 2000 ашык бюджеттик уюмдарды жана 3000 жабдуучуларды түздү. Алгачкы божомол боюнча, потенциалдуу катышуучулардын саны 5 миңден 7 миңге чейин уюмду түзүшү керек.

Бирок, мамлекеттик сатып алуулар жаатында жүргүзүлүп жаткан реформаларга карабастан кемчиликтер дагы жок эмес. Ченемдик-укуктук базаны өркүндөтүү керек, жеткирүүчүлөр менен сатып алуучу уюмдардын ортосундагы электрондук байланышка толугу менен өтүү мүмкүн болгон жок, мамлекеттик сатып алуулар порталын өркүндөтүү, сертификатталган адистердин жетишсиздигин жоюу керек [7, 2016].

Абдыров Т.Ш. жана Адылбеков А.А. 2015-жылдын 3-апрелиндеги №72 Кыргыз Республикасынын жаңы Мыйзамынын кабыл алынышы менен мамлекеттик сатып алуулардын ыкмалары өзгөргөндүгүн баяндайт. Бүгүнкү күндө мамлекеттик сатып алуунун беш ыкмасы бар: бир этаптуу усул; эки этаптуу усул; жөнөкөйлөтүлгөн усул; бааны төмөндөтүү усулу; келишимди тикелей түзүү усулу. Мамлекеттик сатып алуулардын негизги ыкмасы бир этаптуу усул менен өткөрүлгөн конкурс болуп саналат (сатып алуулар жол-жоболоруна катышууну каалаган жеткирүүчүлөрдүн (подрядчылардын) саны чектелбейт).

Өтө сейрек конкурс эки этаптуу усул менен өткөрүлөт, эгерде сатып алуучу уюм сатып алынган товарлардын, жумуштардын же кызмат көрсөтүүлөрдүн конкреттүү, техникалык мүнөздөмөлөрүн жана сапат көрсөткүчтөрүн алдын-ала аныктай албаса, жана бул сатып алуучу уюмдун сатып алуу муктаждыктарын канааттандырган чечим кабыл алуу үчүн жеткирүүчүлөр (подрядчылар) менен талкуулоону талап кылат; эгерде сатып алуунун предмети изилдөө, эксперимент, илимий корутунду даярдоо же башка адистештирилген кызматтарды көрсөтүү болсо.

Жөнөкөйлөтүлгөн усул атайын даярдоону, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү талап кылбаган даяр товарларды максималдуу босогодон ашпаган суммага белгилүү бир сыпаттамасы менен сатып алууда колдонулат. Атаандаштыкты жана натыйжалуу тандоону камсыз кылуу үчүн жөнөкөйлөтүлгөн усул менен конкурс өткөрүүдө, сатып алуучу уюм экиден кем эмес жеткирүүчүнүн (подрядчиктин) товарларына, жумуштарына жана кызмат көрсөтүүлөрүнө конкурстук табыштамаларды карайт.

Бааны төмөндөтүү усул боюнча конкурс мамлекеттик сатып алуулар веб-порталы аркылуу онлайн режиминде жүргүзүлөт. Алгачкы баа белгиленип, жеткирүүчүлөр өз бааларын сунушташат, башкача айтканда аукцион өтөт жана эң төмөнкү бааны сунуш кылган жеткирүүчү конкурстун жеңүүчүсү болот.

Келишимди тикелей түзүү усул менен сатып алуулар - сатып алуучу уюмдун, конкурс өткөрбөстөн, баалардын мониторингинен кийин сатып алуулар жөнүндө келишимге кол коюу процедурасы. Жеткирүүчү (подрядчы) “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27-беренесинде каралган квалификациялык талаптарга жооп бериши керек. Келишимди тикелей түзүү усулун колдонуу менен сатып алуулардын пайызы жогору, анткени ал өткөрүлгөн соода-сатыктын жалпы санынын 44,6% түзөт [2, 2016].

Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 3-апрелиндеги №72 "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" жаңы Мыйзамында алкактык макулдашуу сыяктуу түшүнүк бар. Алкактык макулдашуу - сатып алуучу уюмдун ортосундагы эки же андан ашык берүүчүлөр (подрядчиктер) менен, конкурстук тооруктун жыйынтыгы боюнча кол коюлган, анда келечектеги келишимдин шарттары аныкталат. "Алкактык макулдашууларды" изилдеп жатып, Т.Ш.Абдыров жана А.А.Адылбеков стандарттык шарттар менен кошумча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү зарылчылыгын жок кылуу менен, сатып алуу процессинде убакытты жана чыгымдарды үнөмдөп жаткандыгын белгилеп кетишкен. Узак мөөнөттүү сатып алуулар үчүн мындай макулдашуулар сатып алуучулар менен сатуучулардын ортосундагы мамилени жакшыртууга жардам берет, анткени бул учурда сатып алуучулар менен сатуучулар эки тараптын муктаждыктарын эске алуу менен жекече чечимдердин үстүнөн иштешет [5, 2016].

Омүралиев У.К., Дуйшаева М., өлкөнүн мамлекеттик сатып алуулар тутумундагы алкактык макулдашуулардын жол-жоболорунун институтташтырылышынын начардыгын белгилешкен. Бул Мамлекеттик сатып алуулар порталында 2018-жылы гана биринчи нускасы иштелип чыккан алкактык макулдашуулардын жол-жоболорунун функционалдуулугунун толук аткарылбай жаткандыгына байланыштуу. Алардын ою боюнча, алкактык макулдашуулар сатып алуунун кыйла ыңгайлуу жана натыйжалуу ыкмасы болуп саналат, чыгымдарды азайтууга, керектүү продуктуларды өз убагында жана оптималдуу баа-сапат катышын алууга мүмкүнчүлүк берет. Бирок, жөнөкөйлүгүнө карабастан, алкактык макулдашуулардын жол-жоболору кыйла татаал. Ошондуктан, биринчиден, алкактык макулдашуулардын жол-жоболорунун ченемдик укуктук базасын өркүндөтүү керек, экинчиден, Мамлекеттик сатып алуулар порталында эки этаптын алкактык макулдашуулардын жол-жоболорунун функционалдуулугун жүзөгө ашыруу керек, үчүнчүдөн, алкактык макулдашуулардын жол-жоболорун жүзөгө ашыруу үчүн тиешелүү технологияларга ээ болгон окутулган персонал болушу керек [18, 2019].

Мамлекеттин экономикалык иши мамлекеттик бюджеттин, тактап айтканда, салык төлөөчүлөрдүн каражаттарынын эсебинен айрым товарларды жана кызматтарды сатып алууга түздөн-түз байланыштуу. Мамлекеттик сатып алууларды башкаруу канчалык эффективдүү жана ачык-айкын? Жыл сайын өкмөттөр бюджеттик каражаттарды белгилүү бир товарларды жана кызматтарды сатып алууга сарпташат.

Коррупция "социалдык пандемия сыяктуу түзмө-түз мамлекеттик сатып алуулар секторун каптады ... мамлекеттик каржыга зыян келтирүүдө". Мамлекеттик сатып алуулар тутумунда жүгүртүлүп жаткан акчанын көлөмү жана чыгымдардын спецификалык түзүмү болгондуктан, дал ушул мамлекеттик башкаруунун сектору коррупцияга көп кабылат. Мамлекет күн сайын салык төлөөчүлөрдүн каражаттарын үнөмдөөнүн жаңы жолдорун издеш керек, деп жазат М.Т.Койчуева. Анын баамында мамлекеттик сатып алуулардын эски ыкмаларынын ордуна мамлекеттик сатып алууларды натыйжалуу башкаруу, мамлекеттик бюджеттин чыгымдарын кыскартуу жана коррупциялык схемаларды колдонууну жок кылуу максатында санариптештирүү сыяктуу жаңы технологиялар келиши керек [13, 2018].

Т.М.Максутов жана С.Е.Савина мамлекеттик сатып алуулар көйгөйлөрүн чечүүнү ошондой эле инновациялык санарип технологияларын колдонууда көрүшөт. Мамлекеттик сатып алуулар процессиндеги мүнөздүү өзгөчөлүктөрдү талдоодо алар процесстин ачыктыгын жана айкындыгын электрондук мамлекеттик сатып алуулар тутумунун негизги артыкчылыктары катары белгилешет [14, 2019].

Т.Ш.Абдыров, А.А.Адылбеков сатып алууларда электрондук сооданы киргизүүнүн негизги максатын - сатып алуучу органдардын потенциалдуу подрядчиктер менен өз ара аракеттенишүүсүнүн күндөлүк процесстерин автоматташтырууда гана эмес, ошондой эле сатып алуулардын жол-жоболорун жүзөгө ашырууга чыгымдарды төмөндөтүүдө жана бул операциялардын мөөнөттөрүн кескин кыскартууда көрүшөт [6, 2016].

К.Т.Жунуспаев мамлекеттик сатып алууларды оптимизациялоодо коррупцияга каршы күрөшүү контекстинде мамлекеттик сатып алуулардын мониторинг өзгөчөлүктөрүн изилдейт. Ал мамлекеттик сатып алуулардын натыйжалуулугун көзөмөлдөөгө өзгөчө көңүл буруп, Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарындагы акыркы өзгөрүүлөр олуттуу мааниге ээ экендигине көңүл бурат. Ошондой эле, ал мамлекеттик сатып алууларды көзөмөлдөө учурдагы мамлекеттик сатып алуулар келишимдеринин тутумундагы коррупцияга каршы күрөшүүнүн эффективдүү каражаты деп жыйынтыктайт. Келечекте мамлекеттик сатып алуулардын коомдук мониторинги конкреттүү натыйжаларды көрсөтүшү мүмкүн [10, 2019; 12, 2019; 11, 2020].

Т.Ш.Абдыров жана А.А.Адылбеков ошол эле маселени улантышат. Алардын баамында, мамлекеттик сатып алуулар жаатында коомдук көзөмөлдү калыптандыруу Кыргызстанда жаңы гана башталууда. Буга байланыштуу коомдук текшерүүчүлөрдүн иши дагы эле башаламан көрүнүш болуп, эч кандай ченем менен жөнгө салынган эмес. Азырынча бул иш-чаранын бирден-бир плюсу - мамлекеттик сатып алуулар боюнча маалыматтарга эркин жана акысыз жеткиликтүүлүктү камсыз кылган ачык-айкындуулук принциби [3, 2016].

Коррупция темасын улантып, А.З.Эрмекбаев, Т.Д.Саякбаев, С.А.Эрмекбаева бардык өлкөлөрдө мамлекеттик заказдарды жана мамлекеттик сатып алууларды түзүү бюджеттин олуттуу жоготууларга алып келген коррупциянын күчөгөн аймагы экендигин жазышат. Адатта, мамлекеттик сатып алуулар тутумундагы коррупциядан келтирилген зыяндарды эске алуу менен, ал шарттуу түрдө жоготуулардын төмөнкү түрлөрүнө бөлүнөт:

  1. Финансылык жоготуулар - мамлекет үчүн жагымсыз финансылык шарттар боюнча келишимдерди түзүү. Биринчиден, бул сатылып алынган өнүмдөрдүн бааларын учурдагы рыноктук деңгээлге салыштырмалуу ашыра көрсөтүү, кийинкиге жылдырылган төлөмдүн ордуна алдын-ала төлөөнү мамлекеттик келишимдердин шарттарына киргизүү ж.б.
  2. Сандык жоготуулар - жеткирилген материалдардын же көрсөтүлгөн кызматтардын көлөмүн талап кылынган санга салыштырмалуу ашыкча баалоо же баалабоо; мамлекеттик муктаждыктарды канааттандыруу үчүн эмес, жооптуу кызмат адамдарынын жеке максаттары үчүн товарларды жана кызматтарды сатып алуу ж.б.
  3. Сапаттуу жоготуулар - талап кылынган техникалык шарттарды бузуу менен келишимдерди жасоо, мисалы, товарларды жеткирүү, жумуштарды аткаруу же талапка ылайык эмес кызматтарды көрсөтүү; кепилдик жана кепилдиктен кийинки тейлөө үчүн эң начар шарттар; жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын контролдоонун жетишсиз талаптары ж.б.
  4. Саясий жоготуулар - өлкөдөгү инвестициялык климаттын начарлашы, жарандардын мамлекеттик структураларга жана жалпы мамлекетке болгон ишенимин жоготуу, өлкөнүн экономикалык жана каржы тутумун бузуу, эркин атаандаштыктын принциптерин бузуу ж.б. [9, 2019].

Мамлекеттик сатып алуулар, Кыргызстандын экономикасынын түзүүчү сегменттеринин бири катары, мамлекеттин экономикалык туруктуулугун жана коопсуздугун камсыз кылууда маанилүү. Мамлекеттик бюджеттен мамлекеттик сатып алуулар үчүн жыл сайын бөлүнүүчү сумма ар кайсы жылдарда 20дан 23%га чейин, ал эми ИДПнын үлүшү өлкөнүн ички дүң продукциясынын болжол менен 13-15% түзөт. Кыргызстандын ИДПсы жана мамлекеттик бюджеттин чыгымдары 2014-2018-жылдар аралыгында улуттук валютага карата бир кыйла көбөйтүлдү. Келгиле, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Мамлекеттик сатып алуулар департаменти статистика киргизилгенден бери жыйынтыктоочу таблица түзөлү (1-таблица, 1-сүрөт).

2015-жылдын май айынан баштап, республикада "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында, "Кыргыз Республикасынын майыптар коомдорунан товарларды мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык товарларды сатып алууну кошпогондо, эми Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 25-мартындагы №150 "Кыргыз Республикасынын майыптар коомдорунан товарларды мамлекеттик сатып алуу жөнүндө "Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу жөнүндө" токтомунда каралган учурларды кошпогондо бардык мамлекеттик сатып алуулар электрондук түрдө жүргүзүлөт. Башкача айтканда, электрондук соодалоого толугу менен өтүү жүргүзүлүп, Мамлекеттик сатып алуулардын расмий порталы киргизилип, электрондук сатып алуулардын бирдиктүү тутуму түзүлдү. Порталда, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин кызматкерлери өткөрүлгөн конкурстар боюнча жылдык отчетторду, ошондой эле сатып алуучу уюмдар өткөргөн ар бир конкурска контракттарды түзүшөт. Сатып алуулардын пландары, жарыялары жарыялангандан тартып, келишим түзгөнгө чейинки бардык маалыматтар (ачылыш протоколу, сатып алуулар процедураларынын протоколу, келишим) порталга жайгаштырылат жана каалаган адамдар бул маалыматты көрө алышат [9, 2019].

Кыргызстанда мамлекеттик сатып алууларды өнүктүрүү көрсөткүчтөрүнүн динамикасы [9, 2019]

Жылы Сатып алуулар жөнүндө жарыялардын саны Жалпы суммасы (млрд. сом) КР ИДП (млрд. сом) Мамлекеттик бюджеттин чыгымдары
2014 89 0,909 400 694 121 303,7
2015 20 221 126,460 430 489,4 134 572,2
2016 80 338 81,038 476 331,2 151 558,9
2017 105 770 72,794 530 475,7 166 023,6
2018 132 849 93,875 557 113,3 157 796
2018 жыл 2014 жылга, % 149,3 жолу 10,3 жолу 139,0 130,1

1-сүрөт. Мамлекеттик сатып алуулардын санынын өсүш динамикасы 2015-жылдан 2019-жылга чейин [1, 2020].

Кыргызстан 2015-жылдан 2017-жылга чейинки мезгил аралыгында төмөнкү сатып алуулар статистикасын берген. Электрондук соода тутумунун ачыктыгына жана жеткиликтүүлүгүнө карабастан, конкурстарга катышуу деңгээли жогору эмес. Ошентип, 187 389 конкурс боюнча бир дагы өтүнмө түшкөн жок, 100 474 үчүн - бир гана өтүнмө жана 263 952 конкурс боюнча гана (бардык соодалардын 48 пайызы) экиден ашык арыз келип түшкөн [9, 2019].

2015-жылдан 2017-жылга чейинки мезгилде 18, 26 жана 68 жеткирүүчүлөр жана подрядчиктер, тиешелүүлүгүнө жараша, ишенимсиз (ак ниетсиз) берүүчүлөрдүн (подрядчиктердин) маалымат базасына киргизилген. Ишенимсиз жеткирүүчүлөрдүн реестри Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алууларынын расмий порталына жайгаштырылган. Мамлекеттик чыгымдарга жана сатып алууларга калыс көзөмөлдү андан ары күчөтүү максатында, мамлекет жарандык коомдун бул процессте катышуусун кеңейтиши керек, электрондук сатып алууларды андан ары өркүндөтүү жана электрондук өкмөттүн демилгелерин кеңири колдонуу аркылуу сатып алуулар циклинин 5-баскычында маалыматтын көлөмүн көбөйтүү керек. Мамлекеттик сатып алуулардын жалпы көлөмүндө келишимдерди түзүүдө конкурстук жол-жоболордун үлүшүн андан ары көбөйтүү боюнча иштөө керек. Кыргызстан Дүйнөлүк Соода Уюмунун (ДСУ) Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө келишимге кол коюу жол-жобосун аягына чыгарышы керек. Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын: (а) сатып алуу ыкмасын көрсөтүү талабы менен толуктап, (б) сунуш кылынган жол-жоболорго карата сатып алууларды пландаштырууга даттануу, потенциалдуу катышуучуларга жана коомчулукка мындай мүмкүнчүлүк берүү менен, (в) сатып алуулар түздөн-түз келишимдерди түзүү жөнүндө рыноктун катышуучуларына жана коомчулукка мындай келишимдерди түзүүнүн негизсиз аракеттерин аныктоого жана аларды конкурстук соодага айландырууга мүмкүндүк берүүчү жол менен жүргүзүү ниетин билдирүү мөөнөтүн көбөйтүү максатында Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жоболорун биротоло иштеп чыгуу керек. Инфраструктураны туруктуу өнүктүрүү жана бүтүндөй сатып алуулар тутумун андан ары өнүктүрүү үчүн, сатып алуулар жаатында үч жылдык пландаштырууну киргизүү керек (же ушул сыяктуу орто мөөнөттүү мезгилге). Бир жылдык графикти чектөө жагымдуулукка, адилетсиз коммерциялык кирешелерге же салыштырмалуу ири көлөмдө түздөн-түз келишим түзүүгө шарт түзөт. Коррупцияга каршы стандарттарды мындан ары өркүндөтүү максатында, мамлекеттик жана муниципалдык ишканалардын ISO 37001 коррупцияга каршы стандартына ылайык сертификат берүүнү колдонууну кароо сунушталат. Мамлекеттин милдети ийгиликтүү ишкердик иш-аракеттерди жүргүзүү үчүн эң жагымдуу экономикалык, укуктук, идеологиялык шарттарды түзүү бойдон калууда [9, 2019].

Н.Ш.Молдогазиев Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алуулардын автоматташтырылган программасынын ишин талдап жатып, электрондук портал тутуму учурда подрядчиктер менен келишим түзүүдө коррупциялык тобокелдиктерди минималдаштырбайт деген жыйынтыкка келген. Мурда белгиленгендей, тендер өткөрүүдө коррупциянын алдын алуу үчүн бардыгы автоматташтырылган эмес. Программанын өзү жеңишти сооданын катышуучуларына бербейт, аларды каттайт. Калган каттоонун жол-жобосу, катышуучу уюмдарды талдоо, катышуучу компаниялардын техникалык документтерин текшерүү адамдар тарабынан жүргүзүлөт, алар жеңишти белгилүү бир компанияга беришет. Портал убакытты үнөмдөө жана сатып алуучу уюмдун кызматкерлери үчүн дагы, тендерге катышкан фирмалар үчүн дагы ашыкча документтердин алдын алуу максатында түзүлгөн. Бирок бул тендер боюнча объективдүү чечимге таасир этпейт. Акыркы чечимди уюмдун кызматкерлери кабыл алышат, алар ошондой эле жеңүүчү компания менен келишим түзүшөт, бул кээде бир нече жолу тендерлерге катышкан адамдардын тутумуна ишенбөөчүлүктү жаратат, алардын ийгилигине көңүлү калып, мамлекеттик сатып алуулар багытында иш-аракеттерин токтотушат. Электрондук порталдын артыкчылыктарынын катарында, ал автоматташтырылган документтерди каттоо программасы жана тендердик автоматташтырылган ачылышы менен адам ресурстарынын катышуусун болжол менен кырк пайызга алмаштырат деп белгилейт. Бул убакытты үнөмдөп, камсыздоочу менен кардардын түз байланышын минималдаштырат, жок дегенде каттоонун ушул этабында. Башкача айтканда, заманбап шарттарда портал жетиштүү деңгээлде натыйжалуу эмес жана мамлекеттик каражаттарды чындап эле үнөмдөбөйт. Каалаган боштуктарды өркүндөтүү жана жоюу порталдын өзүнө жаңы орнотууларды жана кошумча функцияларды киргизүү менен шартталат. Анын кандай иштээрин этап-этабы менен карап чыккандан кийин, ал тендерлердин жеңүүчүсүн ачуу жана анализ жүргүзгөн бөлүгүн автоматташтыруу керек деген жыйынтыкка келет [15, 2018].

Г.Т,Шырдакованын жана А.А.Абдукаримованын эмгегинде Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкаруу жөнүндө", "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө", "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө" Мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Мамлекеттик мүлктү ижарага берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү жөнүндө" токтомун талдоо жолу менен мамлекет менен бизнестин ортосундагы кызматташтык тутумду өркүндөтүүнүн жаңы ыкмалары жана жол-жоболору аныкталды. Алар МЖӨ долбоорлорун ийгиликтүү ишке ашыруунун жана мамлекеттик сатып алууларды башкаруунун, мамлекеттик мүлктү ижарага берүүнүн мисалдарын көрсөтүштү, бирок ошол эле учурда андан ары өнүгүүгө тоскоол болгон көйгөйлөрдү карашты [22, 2020].

Ошондой эле, А.А.Абдукаримова жана Г.Т.Ширдакова Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Мамлекеттик сатып алуулар департаменти, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду ортосунда маалымат базасын интеграциялоо боюнча "Тундук" тутумунун долбоорун ишке ашыруу жөнүндө жазышкан, ал Мамлекеттик салык кызматынан жана Социалдык фонддон автоматтык түрдө маалымат алууга мүмкүнчүлүк берет, юридикалык жана жеке жактардын карыздарынын жоктугу жөнүндө кагаз түрүндөгү маалымкаттарды берүү зарылчылыгы жоюлган. Мамлекеттик сатып алуулардын жол-жоболорун өркүндөтүүгө байланыштуу бюджеттик каражаттарды үнөмдөө тенденциясы байкалды. Учурда мамлекеттик сатып алуулар тутумунун мыйзамдык ченемдерин өркүндөтүү боюнча иштер жүрүп жатат. Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын аймагында иштеп жаткан банктардын маалымат тутумун Тундук тутумуна интеграциялоо зарыл. Биринчиден, мындай интеграциялоо сатып алуучу уюмдарга катышуучулардын финансылык мүмкүнчүлүктөрүн билүүгө жардам берет, экинчиден, сооданын катышуучулары тендердик табыштаманын жана келишимдин аткарылышынын банктык кепилдиктерин оңой жана тез ала алышат. Мындан тышкары, веб-порталда түзүлгөн келишимдерди ыкчам издөө функцияларын өркүндөтүү керек, анткени өткөн сынактын жыйынтыгын билүү үчүн сайттын бардык баракчаларын карап чыгуу керек. Ошондой эле, веб-порталдын тест режимин бардык колдонуучуларга жеткиликтүү кылынса бул жаңы башталгыч мамлекеттик сатып алуулар боюнча адистердин жана жеткирүүчүлөрдүн / подрядчиктердин квалификациясын жогорулатууга жардам берет [1, 2020].

Мамлекеттик сатып алуулардагы эң курч көйгөйлөр жөнүндө Т.Ш.Абдыров, А.А.Адылбеков жазган - бул сапаттуу товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү тандоо көйгөйлөрү, атаандаштык шартында сатып алуучу сунушталып жаткан товарлар, жумуштар үчүн ага минималдуу бааны сунуштай алган жеткирүүчү же подрядчикти табышы керек, жана кызмат көрсөтүүлөр, ошондой эле ал үчүн башка маанилүү шарттарды аткаруу (продукциянын сапатына кошумча талаптар, жеткирүү мөөнөттөрү, төлөө формалары жана мөөнөттөрү ж.б.). Эң чоң кыйынчылыктарды мамлекеттик ооруканалар, бала бакчалар, интернаттар, түрмөлөр ж.б. тартышат, анткени алар тамак-аш үчүн сынактарды өткөрүшү керек. Азык-түлүк товарларына конкурстук сооданын татаалдыгы техникалык мүнөздөмөлөрдүн туура сүрөттөдө. Мисалы, бала бакча ак май сатып алат, брендди атаганга уруксат жок, ошонлуктан ак майдын калориялуулугу, граммы жазылат, бирок майдын даамы кандай болушу керек экендигин кардар айта албайт, жана эң арзан баада, бирок сапаты жогору эмес ак май сатып алууга аргасыз болот. Же картошканы сатып алуу керек, калориялуулугу, картошканын диаметри көрсөтүлөт, бирок картошканын да ачуу даамы бар. Ал эми тамак-аш азыктарында мындай аталыштардын тизмеси өтө чоң [4, 2017].

Ж.Т.Мурзабекова, М.А.Амирова Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын талдап көрүп, биз ЕАЭБ мамлекеттеринин товарларын жана кызматтарын мамлекеттик сатып алууларга бирдей мүмкүнчүлүк бербейт деген тыянакка келген. Алар 2015-жылдын 3-апрелиндеги №72 "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамы” мамлекеттик сатып алуулардын чет өлкөлүк потенциалдуу катышуучуларынын баарына карата басмырлоо режими орнотулган деп эсептешет. Тактап айтканда, ушул Мыйзамдын 4-беренесинде ата мекендик жеткирүүчүлөр үчүн баа сунушунун 20% өлчөмүндө мамлекеттик сатып алууларга катышуу үчүн жеңилдетилген режим каралган, бул ЕАЭБдин башка мамлекеттеринин мамлекеттик сатып алууларынын потенциалдуу катышуучуларын алар менен бирдей эмес абалда калтырары шексиз.

ЕАЭБ Келишиминде бир мүчө-мамлекеттин мыйзамдарына ылайык башка мүчө-мамлекеттер тарабынан жасалган электрондук санарип кол тамганы өз ара таануу жолу менен электрондук форматта жүргүзүлгөн сатып алууларга катышуу үчүн мүчө-мамлекеттердин потенциалдуу берүүчүлөрүнө жана жөнөтүүчүлөрүнө тоскоолдуксуз жана эркин жеткиликтүүлүктү камсыз кылышы керек. Бирок, бул фактор дагы деле кемчиликтүү [16, 2019].

Мамлекеттик сатып алуулар тутумун өнүктүрүү көйгөйлөрү боюнча илимий изилдөө жүргүзүү мамлекеттик бюджетти жөнгө салуунун натыйжалуулугун жогорулатууга, мамлекеттик саясатты колдоо боюнча адекваттуу чараларды иштеп чыгууга мүмкүндүк берген маанилүү багыттардын бири болуп саналат. 2010-2020-жылдардагы ушул темадагы изилдөөлөргө сереп мамлекеттик сатып алууларды өнүктүрүү тутумунда, анын ченемдик укуктук базасында олуттуу өзгөрүүлөр бара-бара болуп жатат деген тыянак чыгарууга мүмкүндүк берет. Экономиканын, калктын өнүгүшү, инновацияларды жана технологияларды киргизүү мамлекеттик сатып алуулар тутумун өркүндөтүүнү жана оптималдаштырууну, ушул багыттагы илимий изилдөөлөрдү чыңдоону жана күчөтүүнү талап кылат.

Ушуга байланыштуу, мамлекеттик сатып алуулар тутумун өнүктүрүүнүн ушул этабында, И.Раззаков атындагы Кыргыз Мамлекеттик Техникалык Университетинин “Логистика” кафедрасынын базасында Кыргыз Республикасында Логистика жана Мамлекеттик Сатып алуулар Изилдөө Борборунун (Обсерваториясы) ачылышы - бул өз убагында өткөрүлгөн иш-чара, бул процесстин оптимизациясынын жаңы айлампасына түрткү болот. Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүүнүн жүрүшүндө бюджеттик процесстин маанилүү тармагы катары мамлекеттик сатып алуулар тутумуна, айрыкча анын илимий-теориялык негиздерин чыңдоого чоң көңүл буруу керек. Сапаттуу товарларга, кызмат көрсөтүүлөргө жана жумуштарга жеткиликтүүлүк, аларды жеткирүүчүлөрдүн ортосундагы атаандаштыктын күчөшү, электрондук сатып алуулар тутумун оптималдаштыруу жана санариптештирүү, ошону менен бюджеттик коррупциялык жоготууларды азайтуу, салык төлөөчүлөрдүн каражаттарын пайдалануунун натыйжалуулугун жана ачыктыгын жогорулатуу сыяктуу көйгөйлөрдүн чечилишин табуу керек.

Колдонулган адабияттардын тизмеси:

  1. Абдукаримова А.А., Ширдакова Г.Т.Проблемы становления системы государственных закупок в Кыргызской Республике.Alatoo Academic Studies. 2020. № 1. С. 189-197.
  2. Абдыров Т.Ш., Адылбеков А.А.Методы государственных закупок Кыргызской Респулики.Наука, новые технологии и инновации Кыргызстана. 2016. № 12. С. 93-94.
  3. Абдыров Т.Ш., Адылбеков А.А.Общественный контроль как эффективный инструмент совершенствования системы государственных закупок Кыргызской Республики.Вестник Таджикского национального университета. Серия социально-экономических и общественных наук. 2016. № 2/7 (213). С. 161-164.
  4. Абдыров Т.Ш., Адылбеков А.А.Проблемы выбора качественных товаров, работ и услугв государственных закупках Кыргызской Республики.Экономика. Управление. Образование. 2017. № 1 (4). С. 13-14.
  5. Абдыров Т.Ш., Адылбеков А.А.Рамочное соглашение в государственных закупках Кыргызской Республики. Наука, новые технологии и инновации Кыргызстана. 2016. № 12. С. 91-92.
  6. Абдыров Т.Ш., Адылбеков А.А.Развитие электронных государственных закупок Кыргызской Республики.Вестник Таджикского национального университета. Серия социально-экономических и общественных наук. 2016. № 2/8 (215). С. 139-141.
  7. Адылбеков А.А., Абдыров Т.Ш.Этапы осуществления государственных закупок в Кыргызской Республике. Научные исследования в Кыргызской Республике. 2016. № 4. С. 4-7.
  8. Ермекбаев А.З., Саякбаев Т.Д., Ермекбаева С.А.Снижение коррупционных потерь в системе государственных закупок Кыргызской Республики.Евразийское Научное Объединение. 2019. № 12-3 (58). С. 216-220.
  9. Жунуспаев К.Т. Антикоррупционная политики в Кыргызской Республике: история, нормативно-правовая база, основные методы борьбы. Colloquium-journal. 2019. № 28-8 (52). С. 49-51.
  10. Жунуспаев К.Т.Общественный контроль за проведением государственных закупок в Кыргызстане.Научный аспект. 2020. Т. 1. № 1. С. 27-31.
  11. Жунуспаев К.Т. Основные проблемы оптимизации государственного противодействия коррупции в системе государственных закупок в Кыргызстане.Международный журнал прикладных наук и технологий Integral. 2019. № 4-1. С. 34.
  12. Койчуева М.Т.Цифровизация системы государственных закупок в Кыргызской Республике. В сборнике: Развитие региональной экономики в условиях цифровизации. Сборник материалов Международной научно-практической конференции, посвященной 80-летию ФГБОУ ВО «Чеченский государственный университет». Ответственные редакторы: Цакаев А.Х., Саидов З.А., Арсаханова З.А., 2018. С. 62-68.
  13. Максутов Т.М., Савина С.Е. Внедрение системы электронных госзакупок в Кыргызстане. В сборнике: Наука. Технологии. Инновации. Сборник научных трудов. В 9-ти частях. Под редакцией А.В. Гадюкиной. 2019. С. 175-179.
  14. Молдогазиев Н.Ш. Анализ работы автоматизированной программы государственных закупок Кыргызской Республики. Методы совершенствования и их эффективность в современных условиях работы.Вестник Кыргызско-Российского Славянского университета. 2018. Т. 18. № 11. С. 147-150.
  15. Мурзабекова Ж.Т., Амирова М.А. Актуальные вопросы правового регулирования государственных закупок в странах Республики Казахстан и Кыргызской Республики.Вестник Казахского гуманитарно-юридического инновационного университета. 2019. № 2 (42). С. 30-33.
  16. Мырзакерим уулу Б. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында мамлекеттик сатып алуулар системасынын өнүгүүсүВестник Ошского государственного университета. 2019. № 2. С. 166-169.
  17. Омуралиев У.К., Дуйшаева М. Реалии и перспективы процедур рамочных соглашений в системе государственных закупок Кыргызской Республики.Известия Кыргызского государственного технического университета им. И. Раззакова. 2019. № 1 (49). С. 59-63.
  18. Сабырова Г.Ж. Внутренний аудит государственных закупок в образовательных учреждениях Кыргызской Республики.Наука и новые технологии. 2014. № 5. С. 106-109.
  19. Уметалиев А.С. Институциональное развитие и повышение системы государственных закупок.Вестник Ошского государственного университета. 2010. № 3. С. 202-209.
  20. Уметалиев А.С. Нормативно-правовые основы системы государственных закупок в Кыргызской Республике. Наука и новые технологии. 2013. № 6. С. 131-133.
  21. Ширдакова Г.Т., Абдукаримова А.А. Перспективы сотрудничества государства и бизнеса в Кыргызской Республике.Наука, новые технологии и инновации Кыргызстана. 2020. № 2. С. 145-150.