Докторлук диссертациянын негизги жоболору

18/06/2020
2277 | 0 | 25
Уметалиев Акылбек Сапарбекович

Уметалиев Акылбек Сапарбекович

Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик сатып алуулардын натыйжалуулугун жогорулатуу жана институционалдык негизин жакшыртуу

08.00.05 – «Экономика жана эл чарбасын башкаруу» адистиги боюнча экономика илимдеринин доктору окумуштуулук даражасын алуу үчүн жазылган диссертация

Негизги сөздөр: мамлекеттик сатып алуу, институционалдык негиз, тендер, фискалдык саясат, экономикалык термелүүлөр, протекционизм, сооданы либералдаштыруу, Паретонун эрежеси, натыйжалуулуктун индикаторлору, бенчмаркинг, тең салмактуу көрсөткүчтөр, ааламдашуу, донор мамлекеттер.

Изилдөө объектиси мамлекеттик сатып алуулар системасынын адистерин, институционалдык негизин жана мыйзам-нормалык топтомдорун камтыйт, ошону менен бирге жогорку деңгээлдеги иш билги, кесипкөй адистердин арзан жана сапаттуу товарларды сатып алуудагы иш аракеттери дагы кирет.

Изилдөө максаты: мамлекеттик сатып алуулар системасын башкаруудагы маселеге ырааттуу мамиленин негизинде мамлекеттик сатып алуулар системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу.

Изилдөө ыкмалары: мамлекеттик сатып алуулар жаатында эл аралык нормаларды жана эрежелерди шайкештирүү, Бүткүл Дүйнөлүк Соода Уюмунун мыйзамдарын таануу, мыйзам-нормалык топтомдорду өнүктүрүү.

Натыйжалар: Сатып алуу процессин натыйжалуу башкаруу жана баалоо боюнча ыкмалар сунушталды, ошону менен катар салыктар же башкача айтканда коомдук каражатттар туура пайдаланылып коомго, элге пайдасы тийиш керек деген талаптарга туура жооптор дагы такталды.

Пайдалануу даражасы: изилдөөлөрдүн жыйынтыгы Өкмөт тарабынан тең салмактуу фискалдык саясат жүргүзүүгө шарт түзөт жана өнүгүү стратегиясын иштеп чыгууда колдонулат; Билим берүү министрлиги жогорку окуу жайларында мамлекеттик сатып алуулар боюнча окуу предметин студенттерге окута баштады; мамлекеттик сатып алуулар жаатындагы катышуучуларга товарларды, жумуштарды жана тейлөөлөрдү жогорку сапатта, арзан баада сатып алууга шарт түзөт.

Колдонуу чөйрөсү: изилдөөлөрдүн жыйынтыктары окуу китептеринде басылып чыкты; 2006-жылдан бери курс иштелип, студенттерге лекция окулууда; «Мамлекеттик сатып алууларды башкаруу» окуу программасы боюнча министрликтердин, ведомстволордун жана сатып алуучу мекемелердин адистерин, ишкерлерди жана эксперттерди, Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Башкаруу Академиясынын угуучуларын жана Финансы министрлиги менен Эсептөө Палатасынын кызматкерлерин атайын курстардан окутуулар жүрүп жатат.