Сатып алуулар эмне үчүн зарыл?

26/02/2021
1216 | 0
Тюльюгалиев Ислам
Эссе

Мен И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетине тапшырдым жана "Логистика" багытын тандап алдым, анткени бул багыт мага туура келет жана ал абдан тез өнүгүүдө. Логистиканын көптөгөн түрлөрү бар: өндүрүү, сатып алуу, ишкердик, транспорт жана башкалар. Алардын ар бири бири-бирине байланыштуу.

Сатып алуу - бул белгилүү бир сапаттагы товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү керектүү санда керектүү убакта жана эң арзан баада алуу процесси.

Сатып алуу - бул абдан маанилүү компонент. Сатып алуу керек, анткени өндүрүш үчүн материалдар, ошондой эле сапаттуу кызматтар керек. Ал үчүн туура, жакшы жеткирип берүүчүнү тандашыңыз керек. Жеткирүүчү конкурстук соодалашуу же жазуу жүзүндө тандалат. Эң натыйжалуу вариант - бул конкурстук соодалашуулар, анткени сиз бардык процессти көзөмөлдөп, жеткирүүчүнү кылдаттык менен тандай аласыз. Туура жеткирүүчүдөн сатып алуу, сатып алынган чийки заттын мөөнөттөрүн, санын жана сапатын сактоого мүмкүндүк берет. Ошондой эле план түзүшүңүз керек: Эмнени сатып алуу керек? Эмне үчүн сатып алыш керек? Кантип ташыйт? жана башка. Сатып алууларды жүргүзгөн мамлекет же компания өз өлкөсүнүн жарандарын керектүү нерселердин бардыгы менен камсыз кылат - алар эң популярдуу товарларды жана кызматтарды арзан баада тандашат. Бул сатып алуунун негизги себеби. Сатып алуулар ар кандай себептерден улам өз өлкөсүндө болбогон өнүмдү же кызматты сатып алуу үчүн жүргүзүлөт. Сатып алууларды жүргүзүү керек, анткени баарына сапаттуу товарлар же жакшы баалар талап кылынат.

Жыйынтыктап айтканда, сатып алуулар бизнес, ишкердүүлүк үчүн, башкача айтканда, акча тапкысы келгендердин бардыгы жана жакшы кызматтарга жана товарларга муктаж болгондор үчүн маанилүү экендигин айткым келет. Ошондой эле, сатып алуулар базарда өз таасирин кеңейтүүгө, сатууну көбөйтүүгө жана акыры өнүгүүгө мүмкүндүк берет. Сатып алуулардын мааниси баа жеткис.