Менин кесибимдеги логистиканын ролу

25/05/2021
1382 | 0
Байболотова Сайкал
Эссе

Азыркы замандын талабына жараша биз көптөгөн тармактарда билим алып өзүбүздү өнүктүрүшүбүз керек. Себеби азыркы учурда биз замандын суроо- талабына жооп бере алгыдай болушубуз керек. Мен азыр тамак-аш технология кесиби жаатында билим алам . Ал тармакты тандаганымдын себеби келечекке сапаттуу, пайдалуу,өзгөчө оригиналдуу тамак ашты өндүргүм келет. Ооба билим алуу ийне менен кудук казгандай деген эмеспи бул жакта билим алуу абдан чон суроо- талапты талап кылат экен . Ошондой эле өз жаатында билим алып окуп үйрөнбөстөг келечекте өзүндүн кесибиңди натыйжалуу иштеп аны илгерилетиш үчүн бизге башка дагы тармактарды казып окуп өзүбүзгө керектүү көптөгөн маалыматтарды алып чогуу бирге алып кетүүбүз зарыл экен. Ал тармактын бири – логистика кесиби.

Логистика бул саркеч сөз . Ал грек тилинен которгондо «logistike» эсептөө чеберчилиги , ой жүгүртүү , ойлонуу, ой жаратуу дегенди билдирет . Логистика менин кесибимде биринчи орундагы мага керектүү тармак экендигин билдим . Себеби мен бул тармак менен өзүмдүн жумуш ордумду, өзүмдүн иштелип чыккан продукциямды же өзүмдүн чакан фирмамды керектүү өлчөмдө, берилген сапатта, туура жерде, көрсөтүлгөн убакытта, белгилүү бир керектөө үчүн, эң төмөнкү чыгым менен өндүрүп сатып жумушду тез жана так бүтүрө аларымды билдим. Логистиканын бирден бир негизги максаты болуп логистикалык процесстерди башкаруу аркылуу экономикалык тутумдун натыйжалуулугун жогорулатуу болуп саналат.