Эмне үчүн мен логистиканы тандадым?

07/10/2021
1682 | 0
Абыл кызы Айдана
Эссе

Саламатсыздарбы, менин атым Айдана, мен 18 жаштамын, Кыргыз-Герман техникалык институтунун студентимин. Кантип мен бул университеттин жана бул багыттагы студент болдум?

Ар бир адамдын жашоосунда ушундай учур келет, жашоодогу маанилүү тандоо - кесип тандоо. Ар ким келечекте ким болорун, эмне кылуу керектигин ойлонот. Акыркы убакта бул маселе анча актуалдуу боло элек, адамзаттын өнүгүшүнө карабай, баарына жагуучу жогорку маяналуу жумуш табуу азырынча кыйын. Адамдын иши аны өмүрүнүн аягына чейин коштоп жүрөт жана мен айта алам, анын бактысынын абдан маанилүү бөлүгү.

Мындай жаш куракта, келечектеги ишиңди тандоо кандай кыйын. Жүрөгүмө эмне көбүрөөк жакын экенин көп ойлондум. Өзүм жүрөгүм менен каалаган эки кесип болду: тиш дарыгери жана логист. Жана ушул убактан тур башталганга чейин мен тиш даарыгери болгум келип жүрдү, качан тур башталганда логистика чөйрөсү мага көбүрөөк кызыктуу боло баштады. Ал эми конкурстан өткөндөн кийин дагы да кызыгуум күчөдү, анткени мен бала кезимден бери саякаттоону, кандайдыр бир чоң компанияда иштөөнү, классикалык кийимде, офисте, чет элдик адамдар менен иштөөнү жана чет өлкөдө иштөөнү (иштөөнү гана эмес окууну) жана мен адамдар менен баарлашууну жакшы көрөм. Өзүңүздөр түшүнгөндөй, мен да логистика менин кесибим экенин түшүндүм, тагыраагы, тиш даарыгерине караганда жүрөгүмө жакыныраак экенин сездим. Албетте, "Логистиканы" тандадым себеби, мени бул адистер иштеген ишмердүүлүк тармагы абдан кызыктырат. Жана азыркы учурда бул кесип абдан суроо -талапка ээ.

Ошондой эле, менин эжем логист болуп иштейт жана мага анын бул кесип тууралуу айткандарын угуу жана анын карьералык өсүшүн көрүү абдан жагат.

Логист кесиби- келечеги бар кесиптердин бири, ар кайсы шаарларга жана өлкөлөргө барууга, ал жерде өз жөндөмдөрүңдү колдонууга жана жаңы көндүмдөрдү алууга мүмкүндүк берет.

Жана албетте, университет дагы менин тандоомдо оорду бар. КГТУ И.Раззаков атындагы университет- алдыңкы университеттердин катарына кирет жана көптөгөн өлкөлөр менен кызматташат. Политехникалык университетке тапшырганыма кубанычтамын.

Мен тандадым жана эч качан оюмдан кайтпайм  Мен бул жаатта бийиктиктерге жетүү үчүн болгон аракетимди жумшап, ата -энемдин жана мугалимдеримдин сыймыгы болууга даярмын. Мен өзүмө ишенем жана логист болуу- менин келечегим…!