Эмне үчүн мен "логист" кесибин тандадым?

25/11/2021
1151 | 0
Кашкараева Салтанат
Эссе

Салам! Менин атым Кашкараева Салтанат 17 жаштамын. Мен Искак Раззаков аттындагы КМТУнун Кыргыз-Герман техникалык институтунун 1-курсунун студентимин.

Көптөгөн адамдар эртеби-кечпи келечектеги кесибин тандоого туура келген учурга келишет. Чынын айтсам, муну жасоо оңой эмес, анткени адамдын келечеги ошол чечимден көз каранды.

Бир күнү менин дагы чечым кыла турган учуру келди. Логистика менин жашоомо күтүүсүз кирип, мурунку варианттардын баарын жок кылды. Ал мени дароо эле таң калтырды, менин оюм боюнча бул менин келечегим үчүн эң жакшы тандоо.

Биринчиден, логистика азыркы учурда көрбөгөндөй актуалдуу экенинен баштайлы. Бардыгы ар кандай товарларды сатып алуунун жана аларды ташуунун айланасында болот. Электрондук коммерциянын өнүгүшү менен логисттин иши абдан зарыл болуп калды. Айрыкча, акыркы эки жылда, пандемиядан улам, адамдар планетаны айланып өтүүгө мүмкүнчүлүгү жок болгондо - логисттер ушундан акча табышкан.

Логистика боюнча адис – товарларды бир соода/өндүрүштүк жайдан экинчисине же акыркы керектөөчүгө жеткирүүнү уюштурган жана координациялаган адис, ошол эле учурда товар керектөөчүгө өз убагында жана минималдуу чыгым менен жетүүсүн камсыздайт.

Мени ага эң көп тарткан нерсеси:

- кесипке болгон талап;

- аралыктан жана ийкемдүү сааттарда иштөө мүмкүнчүлүгү;

- кесиптин жаңылыгы жана актуалдуулугу - дайыма соода бар, бул жагынан логистика универсалдуу жана ар кандай ишмердүүлүккө ыңгайлаша алат;

- жана жогорку киреше, албетте.

Ошондуктан мен логистиканы менин үчүн жеңүүчү вариант деп эсептейм, мен аны атайылап тандап алдым жана бир нече жылдан кийин талапка ээ жана ар кандай ишканаларга керектүү адис болууга бел байладым жана өзүмө ишенем.