Дүйнөлүк банк кризис шартында Кыргызстандагы чакан жана орто бизнести колдоо боюнча долбоорлорду даярдап жатат

17-06-2020
1582

Дүйнөлүк Банк экономикалык төмөндөөнү эске алуу менен, Кыргызстандагы чакан жана орто бизнести колдоо боюнча жаңы долбоорлорду даярдап жатат. Азыркы учурда, коронавирустун жайылышынын терс кесепеттерине каршы күрөшүү уюм үчүн артыкчылыктуу багыт болуп саналат.

Мындай билдирүүнү кечээ, 16-июнда, Дүйнөлүк банктын Европа жана Борбордук Азия боюнча Вице-президенти Анна Бьерде Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков менен болгон видео конференция учурунда айтты.

Бьерде белгилегендей, бүгүнкү күндө Дүйнөлүк банк пандемия менен күрөшүү үчүн Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо тармагына 21 миллион доллар бөлүп берди.

Жолугушууда эки тараптуу кызматташуунун учурдагы абалы жана келечеги, биргелешкен долбоорлордун жүрүшү, ошондой эле коронавирус пандемиясынын терс экономикалык кесепеттерин жоюу боюнча чаралар талкууланды.

Жээнбеков белгилегендей, кыргыз тарап өнүгүү боюнча өнөктөштөр менен активдүү жана тыгыз кызматташууга милдеттүү. Банк коронавирус инфекциясы менен күрөшүүдө биринчилерден болуп Кыргызстанга колдоо көрсөтө баштады.

Мамлекет башчысы коронавирустук пандемияга карабастан, энергетика, транспорт, айыл чарба, региондорду өнүктүрүү жана калкты таза суу менен камсыз кылуу жаатында долбоорлорду жүргүзүүгө даяр экендигин билдирди.

Бьерде кыргыз тараптын Дүйнөлүк банктын кеңсеси менен кызматташуусун канааттануу менен белгиледи