Эл аралык Логистика жогорку мектеби 2026-жылдын бүтүрүүчүлөрүн окуусун ийгиликтүү аякташы менен сыймыктануу менен куттуктайт!
Быйыл 55 бүтүрүүчү, анын ичинде 47 бакалавр жана 8 магистрант, мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестациядан ийгиликтүү өтүштү.
Бардык бүтүрүүчүлөр мамлекеттик экзамендерди ийгиликтүү тапшырып, бүтүрүү квалификациялык иштерин ийгиликтүү коргоп, жогорку деңгээлдеги кесиптик даярдыгын далилдешти.
Өзгөчө сыймыктануу менен белгилеп кетебиз, 9 бүтүрүүчү окуусун артыкчылык дипломуна татыктуу деңгээлде аяктап, терең билимин, жоопкерчилигин, максатка умтулуусун жана мыкты жыйынтыктарга жетүүгө болгон аракетин көрсөтө алышты.
Урматтуу бүтүрүүчүлөр! Сиздерди жашооңуздардагы эң маанилүү этаптардын бирин ийгиликтүү аякташыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайбыз! Алган билимиңиздер, топтогон тажрыйбаңыздар жана кесиптик көндүмдөрүңүздөр келечектеги ийгиликтүү эмгек жолуӊуздардын, жаңы жетишкендиктериңиздердин жана бийик максаттарыңыздардын бекем пайдубалы болсун.
Сиздерге өз күчүңүздөргө болгон ишенимди, кесиптик ийгиликтерди, чыгармачылык демди, бакубат жашоону жана жаңы жеңиштерди каалайбыз! Эл аралык Логистика жогорку мектебинде өткөн студенттик жылдарыңыздар ар дайым жылуу эскерүүлөр, достук жана кесиптик калыптануу мезгили катары эсиңиздерде сакталып калсын.
Ак жол, урматтуу бакалаврлар жана магистранттар! Ар бириңиздер менен сыймыктанабыз жана келечектеги кесиптик жолуӊуздарда чоң ийгиликтерди каалайбыз!