Логистиканы өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн А.С. Уметалиев «Даңк» медалы менен сыйланды

18-09-2023
1311

2023-жылдын 12-сентябрында Кыргыз Республикасынын Президентинин “Ала-Арча” резиденциясында өлкөгө жана элге зор эмгеги үчүн өзгөчөлөнгөн жарандарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу салтанаттуу аземи болуп өттү. Буга чейин Эгемендүүлүк күнүнө карата президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө” Жарлыкка кол койгон.

Сыйлыктар социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий потенциалды өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы, кесиптик ишмердүүлүктөгү чоң жетишкендиктери үчүн ыйгарылат.

«Даңк» медалы менен И.Раззаков атындагы КМТУнун Эл аралык логистика жогорку мектебинин директору, экономика илимдеринин доктору, профессор Уметалиев Акылбек Сапарбекович сыйланды.

Салтанатка өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө татыктуу салым кошуп жаткан дарыгерлер, мугалимдер, жазуучулар, инженерлер, заманбап жаңы тармактардын адистери жана башкалар катышты.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө ар бир доордун өз баатырлары болгон сыяктуу Кыргызстандын жаңы тарыхында да өз өлкөсүн ойлогон, мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн, Ата Мекенге берилгендиктин үлгүсүн көрсөткөн, ар тармакта өзгөчө эмгектерин көрсөткөн мекенчил инсандар өсүп келе жатканын баса белгиледи.

И.Раззаков атындагы КМТУнун Эл аралык логистика жогорку мектебинин жамааты Уметалиев Акылбек Сапарбековичти татыктуу сыйлыгы менен чын жүрөктөн куттуктайт!

Галерея