Чынбы? Бишкек үчүн электр автобустар

12-08-2020
2204

Шаардык транспорт тутумун комплекстүү өркүндөтүү - Бишкек шаардык мэриясынын негизги артыкчылыктуу багыттарынын бири.

Жакшы жаңылык! Шаардык транспортторду электрлештирүү долбоору боюнча Азия Өнүктүрүү Банкы (АӨБ) менен Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигинин ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумга кол койдук. Алгачкы ниет документине борбор калаанын транспорт жана муниципалдык менчик боюнча вице-мэри Азиз Алымкулов, АӨБ миссия тобунун башчысы, энергетика боюнча адис Йоханнес Фогель жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин өкүлү кол коюшту.

Долбоор төрт баскычтан турат:

1. Нөлдүк эмиссия менен автобус паркын модернизациялоо. Бул этапта заманбап энергияны үнөмдөгөн аккумулятордук электр автобустарын, кубаттоочу инфраструктураны (подстанциялар, электр монтаждоо жана курулуш иштери), автобус тейлөө үчүн жабдууларды сатып алуу пландаштырылууда. Маанилүү! Электр автобустары универсалдуу болуп, денсоолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жүргүнчүлөргө (ДМЧА) жана улгайган адамдарга жеткиликтүү болот;

2. Автобус базасынын инфраструктурасын модернизациялоо. Бул компонентке, жок дегенде, шаардык троллейбус администрациясынын (МТ “БТУ”) автобазаларынын биринде, жаңы электрондук автобустар үчүн аба-ырайы токтотулуучу жайлардын курулушу кирет;

3. Электр автобустары үчүн пилоттук "жашыл" мобилдүүлүк коридорун түзүү. Жолдордо атайын коридор уюштуруу, трафикти өзүнчө каналдар боюнча бөлүштүрүү, токтоочу пункттарды модернизациялоо жана башкалар.

4. Бишкек шаарындагы автобустардын туруктуулугун жогорулатуу

Долбоордун каржылык көлөмү 58,9 миллион АКШ долларына бааланган, анын ичинен Меморандумга ылайык, АӨБ 50 миллион АКШ долларын насыялык линия менен камсыз кылат, болжол менен 15 миллион АКШ долларынын бир бөлүгү гранттык негизде болот.

Негизги чыгымдар электр автобустарын сатып алууга (басымдуу бөлүмү), курулуш иштери жана консультациялык кызматтар.

Долбоордун алкагында АӨБ жалдаган консультанттар электр автобустарын сатып алуу үчүн конкурстук табыштамалар боюнча техникалык тапшырманы жазып беришет.

Белгилей кетсек, бул транспорт тармагын узак мөөнөттүү электрлештирүүгө карай алгачкы кадам.

Коомдук транспорт системасын реформалоо борбор калаанын мэри Азиз Суракматов белгилеген стратегиялык артыкчылыктуу багыттардын бири болуп саналат.

Бишкек сиздин сүйүктүү мобилдик шаарыңыз!