2025-жылдын 25-сентябрында И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде Кыргыз Республикасынын студенттери үчүн «2+2» форматы боюнча биргелешкен бакалавриат программасынын салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү.
Партнёрлуктун алкагында өзгөчө мааниге ээ болгон программа — «Эл аралык соода логистикасы» багыты боюнча, КГТУнун Эл аралык жогорку логистика мектеби менен Кытайдагы Чжэцзян суу ресурстары жана гидроэнергетика университети (ZJWEU) тарабынан биргелешип жүзөгө ашырылууда. Теңчилик, каалоочулук жана өз ара макулдашуу принциптери боюнча тараптар аталган программаны ишке ашырууга келишти. Ага ылайык, студенттер Кыргыз Республикасында биринчи жана экинчи курстарда окуп, үчүнчү жана төртүнчү курстарда Кытайда «Эл аралык экономика жана соода (чек ара аралык электрондук коммерция)» багыты боюнча билим алышат.
Эл аралык жогорку логистика мектеби окуу процессин уюштуруу, академиялык жетишкендиктерди көзөмөлдөө жана биринчи эки жылдык окууга байланыштуу бардык маселелер боюнча жооптуу болсо, Чжэцзян университетинин экономика жана башкаруу факультети окуу планын түзүү, жетишкендиктерди контролдоо, жыйынтыктоо экзамендерин өткөрүү жана акыркы эки курста окуган студенттерди аяктагандыгы тууралуу күбөлүк берүү боюнча жооптуу болуп саналат.
Программа глобализацияланган экономика шарттарында иштей ала турган жогорку квалификациялуу адистерди даярдоого багытталган, ошондой эле Кыргызстан менен Кытайдын билим берүү, логистика жана электрондук коммерция тармактарында стратегиялык өнөктөштүгүн бекемдөөгө салым кошот.
Программа боюнча окуу КГТУда эки жыл, андан соң Кытай университетинде эки жыл уланат. Окууну ийгиликтүү аяктаган студенттер эки университеттин дипломдорун алышат, бул академиялык мобилдүүлүктү кеңейтүүгө жана эл аралык карьерада ийгиликтерге жол ачат.
Ачылыш аземине ZJWEU өкүлдөрү, окутуучулар жана студенттер катышты. КГТУнун ректору М.К. Чыныбаев, Чжэцзян университетинин проректору Сюй Сюдун, экономика жана менеджмент факультетинин деканы Ван Синьлян, ошондой эле Эл аралык жогорку логистика мектебинин директору Уметалиев А.С. куттуктоо сөздөрү менен чыгып, Кыргызстан менен Кытайдын эл аралык академиялык кызматташуусунун жана маданий алмашуусунун маанилүүлүгүн баса белгилешти.
Иш-чарада программанын түзүмү, окуу шарттары жана студенттер үчүн мүмкүнчүлүктөр кеңири баяндалды. Эл аралык билим берүү жана кесиптик чөйрөгө ийгиликтүү интеграциялануу үчүн тилдик даярдыкты жана маданият аралык компетенттүүлүктү өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулду.