Кыргыз Республикасында эң алгачкылардан болуп ачылган «Логистика жана мамлекеттик сатып алуулар боюнча изилдөө борборунун» бет ачары

17-11-2020
2103

2020-жылдын 17-ноябрында И.Раззаков атындагы КМТУнун Логистика бөлүмүндө, «Логистика жана мамлекеттик сатып алуулар изилдөө борбору (Обсерваториясы)» (ЛМСИБ) (www.pplo.kg.), бет ачаары болду. Кыргыз Республикасында эң биринчилерден болуп ачылган Проект И.Раззаков атындагы КМТУ жана Дүйнөлүк банк тобу менен биргеликте иштелип чыкты. Бул борбордун ачылышына Дүйнөлүк Банктын Мамлекет аралык менеджери Навид Хасан Накви катышты; В.С. Кришнакумар- Дүйнөлүк Банктын Сатып алуулар боюнча аймактык менеджери; Мураталы Джаманбаев - И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин ректору; Нурида Байзакова- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин директору: Эрке Турдумамбетова- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Окуу борборунун директору; Канат Муканов- КР Өкмөтүнүн Аппаратынын санариптик трансформация бөлүмүнүн башчысы; Темирбек Шабданалиев-Кыргыз Республикасынын Ташуучулар жана Логистика кызматкерлери ассоциациясынын төрагасы; Эрбол Мукаев-Улуу Британиянын Логистика жана Транспорт Королдук Институтунун Казакстандагы филиалынын өкүлү - CILT Kazakhstan; Айбек Орозакунов-БУУнун Азык-түлүк программасынын менеджери; Асел Мамбеткулова- АРИСтин аткаруучу директорунун орун басары жана сатып алуулар жана транспорт жаатындагы 30дан ашык логистикалык компаниялардын өкүлдөрү.

"Логистика жана мамлекеттик сатып алуулар боюнча изилдөө борбору (обсерватория)" мамлекеттик сатып алууларынын туруктуу потенциалын көтөрүүгө көмөктөшөт. Анын негизинде, сатып алуулар тутумунун ачык-айкындуулугу жана отчеттуулугу жөнүндө маалыматтарды көзкарандысыз изилдөө, талдоо жана жайылтуу Кыргызстанда гана эмес, бүткүл Борбордук Азияда жүргүзүлөт.

Иш-чаранын катышуучуларынын өзгөчө көңүлү ЛМСИБдин "Сатып алуу логистикасы" бакалаврлар жана магистрлерди окутуу үчүн академиялык программаларын өркүндөтүүсүө таасир этүүгө багытталды.

Ошондой эле бул борбор www.pplo.kg веб-сайты аркылуу жумушчу аянтчаны камсыз кылат. мамлекеттик сатып алуулар процесстерине үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүү, дүйнөлүк алдыңкы тажрыйбаны жайылтуу, кызыкдар тараптардын диалогун баштоо. Өлкөдөгү мамлекеттик сатып алуулар процесстерине сапаттуу жана сандык анализ жүргүзүү веб-сайт, блогдор, твиттер, маалыматтык бюллетендер, семинарлар жана тренингдер аркылуу жайылтылат.

Галерея