КГТУнун студенттери Астанада өткөн Жаш логисттер форумунда байгелүү орунга ээ болушту

23-04-2026
25

2026-жылдын 8 жана 9-апрелинде КГТУ им. И. Раззакова атындагы Эл аралык жогорку логистика мектебинин 3-курс студенттери окутуучу Мамаева Бегимай Бактыбековна жетекчилиги алдында Астана шаарында Coventry University Kazakhstan базасында өткөн «Жаш логисттер форумы – 2026» иш-чарасына катышышты.

Форумдун алкагында команда төмөнкү темадагы долбоорун сунуштады:
«Таза электр энергиясын өндүрүүчү мобилдик гидроэнергетикалык комплекс».

Форум эки этаптан турду:

  1. 1-тур – «Жашыл логистика жана логистикадагы санариптештирүү» темасында долбоорлорду презентациялоо;
  2. 2-тур – «Мозгобойня» интеллектуалдык оюну, анда катышуучулар татаалдыгына жараша суроолорду тандашты.

Жыйынтыгында КГТУнун командасы 3-орунду ээледи. Эксперттер студенттердин жогорку даярдыгын, харизмалуу чыгышын жана идеясынын өзгөчөлүгүн белгилешти. Ошондой эле долбоор индустрия өкүлдөрүнүн кызыгуусун жаратып, кызматташуу боюнча сунуштар алынды.

Сапардын экинчи күнү студенттер Alstom (ЭКС) заводуна барышты. Экскурсия окууда алынган теориялык билимдерди практикада көрүүгө мүмкүнчүлүк берип, команда үчүн абдан пайдалуу жана шыктандыруучу тажрыйба болду.

Форум студенттер үчүн баалуу тажрыйба болуп, нетворкингди кеңейтүүгө, командалык ишти жана коом алдында сүйлөө көндүмдөрүн өнүктүрүүгө өбөлгө түздү.

Биз студенттерибиз менен сыймыктанабыз жана аларга мындан аркы ийгиликтерди каалайбыз! 🚀

Галерея