2020-жылдын 18-ноябрында “Мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүдө жана тескөөдө коррупцияга каршы чаралар” темасында онлайн түрүндөгү Эл аралык тегерек стол өткөрдү

18-11-2020
1892

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Окуу борбору (РФ, Пермь ш.) УИУ “Экономиканын жогорку мектеби”жана «Crown Agents» британиялык компания менен биргеликте Эл аралык коррупция менен курөшүү күнүнө карата 2020-жылдын 18-ноябрында “Мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүдө жана тескөөдө коррупцияга каршы чаралар” темасында онлайн түрүндөгү Эл аралык тегерек стол өткөрдү.

Тегерек стол “2020-жыл - Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын кайчылаш жылына” арналган.

Бул тегерек столдун максаты: Мамлекеттик сатып алууларды коррупцияга каршы тескөөдө аймактык жана эл аралык тажрыйбаларды практикалык талкуулоо жана сатып алууларды жүргүзүүгө коррупцияга каршы чараларды киргизүү.

Тегерек столдо төмөнкүдөй маселелер талкууланды:

  • «Crown Agents» (Улуу Британия) британиялык компаниянын Борбордук Азия боюнча аймактык менеджери Лариса Кокарева Улуу Британия менен Казакстандын тажрыйбасын ачыктады;
  • Россия Федерациясынын Финансы министрлигиндеги сатып алуулар мониторингинин жыйынтыгы боюнча аналитикалык отчет тууралуу (РФ, Пермь ш.) УИУ “Экономиканын жогорку мектебинин” Экономика, менеджмент жана бизнес-информатика факультетинин доценти э.и.к. Елена Шадрина айтып берди.
  • Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүү процесси жана бул процессти коштогон тобокелдиктер боюнча Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин директору Нурида Байзакова сөз сүйлөдү;
  • Мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүдө коррупцияга каршы чараларды киргизүүнүн Өзбекстан Республикасындагы тажрыйбасын Өзбекстан Республикасынын Финансы министрлигинин башкы адиси Мухаммаддиёр Матчанов ортого салды.
  • Тегерек столдун модератору Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Окуу борборунун директору, доцент, э.и.к. Эрке Турдумамбетова болду.

Бул тегерек столдо мамлекеттик сатып алуулардагы коррупцияга каршы аракеттердин механизмдерине өзгөчө токтолушту:

  • Мамлекеттик программаларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
  • Улуттук же аймактык автоматташтырылган сатып алуулардын системалары;
  • Сатып алуулардын план-графиктерин түзүү;
  • Ченемдөө (өндүрүмгө коюлуучу талаптар, мамлекеттик жана муниципалдык органдардын аткарган иштерин камсыздоого карата чыгымдарды ченемдөө);
  • Сатып алууларды коомдук талкуулоо;
  • Сатып алууларды борборлоштуруу;
  • Контрактык келишимдеги баштапкы максималдуу бааны аныктоо;
  • Типтүү документтерди түзүү;
  • Чакан көлөмдөгү сатып алууларды тескөө;
  • Сатып алуулар чөйрөсүндөгү усулдук камсыздоо;
  • Сатып алуулар чөйрөсүндөгү мониторинг жана көзөмөл;
  • Сатып алуулар боюнча адистердин деңгээлин (колдоо) көтөрүү жана кесиптик билимдерин жогорулатуу;
  • Сатып алуулар чөйрөсүндөгү коррупцияга каршы аракеттердин эрежелери жана заманбап ченемдер;
  • Маалыматтар базасын өстүрүү жана маалыматтар менен иштөө;
  • Сатып алуулардын максималдуу ачык-айкындуулугун камсыздоо;
  • Саясий чечимдерди кабыл алууда тобокелдиктерди көзөмөлдөө;
  • Буйрутмачыларды жана ишкерлерди усулдук жана консультациялык жактан колдоо;
  • Келишимдеги ак ниетүү фактыларды сыйлоо (көтөрмөлөө) ж.б.

Эл аралык тегерек стол кызыктуу жана жемиштүү өттү. Катышуучулардын жалпы саны 4 мамлекеттен: Өзбекстандан, Кыргызстандан, Россиядан жана Улуу Британиядан 55 кишини түздү.

Галерея