Улуттук планды ишке ашыруунун убактылуу натыйжаларын өткөрүү боюнча Ачык Өкмөттүк Эл аралык Өнөктөштүк Конференциясы

21-12-2019
2141

2019-жылдын 20-декабрында Орион мейманканасында Улуттук планды ишке ашыруунун убактылуу жыйынтыктары боюнча эл аралык Ачык Өкмөттүк Өнөктөштүктүн жылдык конференциясы болуп өттү, ага биздин 2-курс студенттери Калиева Аян жана Кулсеитов Элдияр катышышты. Алар конференцияга "Менин көзүм менен ачык өкмөт" темасындагы эссе конкурсунун катышуучулары катары чакырылып, байгелүү орундарды ээлеп, сертификаттар жана белектер менен сыйланышты. Иш-чаранын аягында биздин студент Калиева Аян сөз сүйлөп, ачык өкмөттүн көз карашы жана мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсү жөнүндө кыскача айтып берди. Кийинчерээк алардын эсселери ачык өкмөттүн сайтында жарыяланат (http://ogp.el.kg/).

Конференцияны вице-премьер-министр, «Ачык өкмөт» улуттук форумунун теңтөрагасы Алтын Өмүрбекова жана Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева алып барышты. Конференцияга ошондой эле катышты: КР Жогорку Кеңеши, КР Жогорку Соту, КР Өкмөтү.

Галерея