"Карабалта спирт заводу" 2021-жылкы өнүгүү планын кабыл алат

29-12-2020
1553

"Карабалта спирт заводу" мамлекеттик ишканасы 2021-жылга чейин өнүгүү планын кабыл алат, анда инвестиция тартуу жана заводдун продукциясын сатуу боюнча иштер каралган.

Бул тууралуу Заводдун директору Таалайбек Далбаев Инвестициялык агенттиктин кызматкерлерине билдирди, деп маалымдайт аталган уюмдун басма сөз кызматы.

Агенттиктин өкүлдөрү көзөмөлдөө механизминин алкагында мамлекеттик ишканага барышты. Учурдагы көйгөйлөргө токтолсок, этил спиртин сатууда кыйынчылыктар бар экендиги, ал эми газдын учурдагы баасы түшкөн каражаттын 57% ын жууп жаткандыгы, бул ишкананын кирешелүүлүгүнө жана андан аркы өнүгүүсүнө таасир этери белгиленди.

Эскерте кетсек, кымбат баалуу этил спиртин чыгарууга адистешкен Карабалта алкоголь заводу узак убакыт бою токтоп турган. Ал август айында кайрадан ишке киргизилген. Мамлекеттик ишканага Россиядан инвестиция тартылганы маалым болду.

Бир жыл мурун мамлекеттик ишкана " Балыкчы Алко Трейд" ЖЧКнын башкаруусуна өткөн , ал беш жыл ичинде 2 миллион доллар инвестиция тартып, өндүрүштү калыбына келтирип, ишкананы модернизациялоону мойнуна алган .

Буга чейин "Балыкчы Алко Трейд" ишканасы орусиялык "Татспиртпром" ААКсы менен биргеликте заводду калыбына келтирери айтылган.