Вице-премьер-министр Равшанбек Сабиров: Жип ийрүү өндүрүшүнүн ишке киргизилиши менен республикада иштетилбеген продукциядан тигилген буюмдарга чейинки пахта кластери түзүлдү

31-12-2020
1576

Жип ийрүү өндүрүшүнүн ишке киргизилиши менен республикада иштетилбеген продукциядан тигилген буюмдарга чейинки пахта кластери түзүлдү. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Равшанбек Сабиров «Текстиль Транс» ЖЧК жип ийрүү өндүрүшүн ишке киргизүү салтанатында билдирди.

Вице-премьер-министр Равшанбек Сабиров белгилегендей, Токмок шаары Чүй облусунун гана эмес, жалпы республика боюнча өнөр жай борбору болуп саналат.

«Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аталган кластерди түзүүгө өзгөчө маани берет. Жип ийрүү өндүрүшүнүн ишке киргизилиши менен Кыргыз Республикасында пахта өстүрүүдөн жогорку сапаттагы тигилген буюмдарды экспортко чыгарууга чейинки толук өндүрүштүк циклге ээ пахта кластери түзүлөт», - деди ал.

Белгилесек, жип ийрүү өндүрүшүн ишке киргизүү менен атамекендик пахта тазалоочу заводдордо өндүрүлгөн пахта булаларын кеңири иштетүү үчүн шарттар түзүлөт.

Маалымдама. 2017-жылы «Текстиль Транс» ЖЧК өлкөдө биринчилерден болуп пахтадан жасалган кездеме жана оролгон токума кездеме чыгаруу өндүрүшүн жөнгө салган.

Жип ийрүү өндүрүшүн ишке киргизүү өлкөдө пахта эгүү аянтын 67 миң га чейин кеңейтүүгө мүмкүндүк берет. Пахта буласын алууда өсүмдүк пахта майын өндүрүү кеңейтилет, ошондой эле концентраттарды өндүрүү боюнча атамекендик тоют базасын уюштуруу үчүн шарттар түзүлөт.

Галерея