Өлкөнүн бизнес коомчулугунун өкүлдөрү үчүн маалымат: Өзбекстан 2021-жылдын 1-январынан тартып импорттоодо 73 товардык позициялар боюнча акциздик салык жокко чыгарылды

27-01-2021
1297

үчө мамлекеттердин Өзбекстан Республикасы менен Эркин соода зонасы жөнүндө Макулдашууну колдонуу жөнүндө протоколго ылайык (2013-жылдын 31-майы), 2020-жылдын 31-декабрында ата мекендик өндүрүштүн товарларына жана ташып киргизүүлөргө акциздик салыктардын ставкаларын бир түргө келтирүү үчүн Өзбекстан тарабынан кабыл алынган өткөөл мезгилдин мөөнөтү бүттү.

Өз милдеттенмелерин аткаруу үчүн, Өзбекстан 2021-жылдын 1-январынан тартып 73 товардык позицияларга, анын ичинде электр (муздаткычтар, кондиционерлер, кир жуугуч машиналар), тамак-аш азыктарына (маргарин, кондитердик азыктар жана башка азыктар), килемдерге ж.б. акциздик салык жокко чыгарылды.

Акциздик салыктар боюнча тизмеси.docx