Кореялык компания Таласта соода-логистикалык борбор курууну пландаштырууда

18-01-2021
1309

15-январда Кыргызстандын Корея Республикасындагы Элчиси Динара Кемелова Президент Юн Сун Баек жана ULP логистикалык компаниясынын төрагасы Джо Чжэ Вик менен жолугушту. Бул тууралуу элчиликтин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Кореянын учурдагы соода-экономикалык кызматташтыгынын маселелерин талкуулашты. Тактап айтканда, маектешүүлөр туризм тармагына инвестиция салуу, ошондой эле соода-логистикалык борбор түзүү аркылуу өлкөлөрдүн ортосундагы соода мамилелерин кеңейтүү боюнча пикир алмашышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө элчи аймактардагы туризм инфраструктурасына инвестиция салууну, соода-логистикалык борборлорду курууну, ошондой эле айыл чарба органикалык продукциясын кайра иштетүү боюнча биргелешкен ишканаларды түзүүнү сунуш кылды.

Өз кезегинде ULP Президенти компания логистика жана туристтик кызматтарды көрсөтүү жаатында чоң тажрыйбага ээ экендигин белгиледи. Ал 2020-жылы Ысык-Көл облусундагы этникалык шаарчанын курулушун аяктагандыгын белгиледи. Компаниянын президенти кошумчалагандай, учурда Талас облусуна соода-логистикалык борборду куруу шарттары боюнча Кыргыз Республикасынын жергиликтүү бийликтеринен жооп күтүлүүдө. Ал жакынкы аралыкта Кыргызстанга келүүгө ниеттенип жаткандыгына ишендирди.