Улутстаткомдо статистика органдарынын 2020-жылдагы иштеринин жыйынтыктары боюнча отурум аяктады

19-02-2021
1756

Бүгүн, 2021-жылдын 19-февраль күнү, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитетинде мамлекеттик статистика органдарынын 2020-жылдагы иштеринин жыйынтыктары жана 2021-жылга карата милдеттери боюнча отуруму болуп кеңейтилген отурум болуп өттү.

Отурумга Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын өкүлдөрү, Улутстаткомдун ведомстволук, облустук жана шаардык мамлекеттик статистика башкармалыктарынын жетекчилери катышты.

Улутстаткомдун Төрагасы Акылбек Султанов Улутстаткомдун 2020-жылдагы иштеринин жыйынтыктары жана 2021-жылга карата милдеттери жөнүндө доклад жасады. Айтымында коронавирустун жайылуу коркунучу жана Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдын киргизилишине байланыштуу, Улутстатком 2020-жылдын 25-мартында дистанттык иштөө режимине өткөн, бирок ага карабастан, Кыргыз Республикасынын Президентинин, Жогорку Кеңешинин жана Өкмөтүнүн тапшырмалары, коллегиянын чечимдери жана Улутстаткомдун буйруктары республиканын статистика органдары тарабынан өз убагында аткарылган жана 2020-жылы Статистикалык иштердин программасы толук аткарылган.

“Статистикалык иштердин программасына ылайык, 2020-жылы жалпы Улутстатком тутуму боюнча 25 миңден ашык статистикалык иштер аткарылды, 77 экономикалык баяндама, 1000ден ашык экспресс-маалымат, 130га жакын экономикалык- статистикалык материалдар даярдалды, ошондой эле «Статистиканын жылдык жыйнагы», «Кыргызстан цифраларда», «Чакан жана орто бизнес», «Кыргызстандагы туризм», «Кыргыз Республикасынын өнөр жайы», «Кыргыз Республикасынын айыл чарбасы», «Кыргыз Республикасынын жашоо деңгээли» , «Кыргыз Республикасына инвестициялар» аттуу статистикалык жыйнактар жана башкалар басып чыгарылды” – деп, белгиледи Төрага.

Ошондой эле, Улутстатком расмий маалыматтарды таратууга жана колдонуучулардын санын көбөйтүүгө чоң көңүл бурулаары айтылды. 2020-жылдын октябрынан тартып республиканын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары боюнча пресс-конференцияларды өткөрүү онлайн режиминде жандандырылды, ошондой эле Facebook социалдык тармактарында биринчи жолу бир катар түз эфирлер өткөрүлдү. Өткөн жылдын ичинде Улутстаткомдун расмий сайтына кирүүлөр 1,6 эсеге көбөйгөнүн жана жаңы колдонуучулардын саны дээрлик эки эсеге көбөйүп, коомдун статистикага болгон ишеними жогорулагандыгын айгинелейт

Электрондук отчеттуулукка өтүү маселесине токтолсок, 2020-жылдын ичинде «Статистика» автоматташтырылган маалымат системасын иштеп чыгуу боюнча иштер улантылды. Азыркы учурда, статистикалык отчеттуулуктун 109 формасы же алардын жалпы көлөмүнүн 40 пайызына жакыны электрондук түрдө чогултулат.

Мекеменин башчысы билдиргендей, 2020-жылы Улутстатком Туруктуу өнүгүү максаттарына жетүнүн жүрүшү жөнүндө боюнча Улуттук ыктыярдуу обзорду даярдоодо эмгеги чоң. Туруктуу өнүгүү максаттарынын отчеттуулугунун платформасы иштелип чыкты, анда 102 глобалдык жана 57 улуттук көрсөткүчтөр, ошондой эле аларга карата метамаалыматтарды жайгаштырылды.

Докладдын жыйынтыгында Акылбек Султанов 2021-жылга коюлган максаттарга токтолуп, мында статистикалык системаны жакшыртууга чоң көңүл бурулаарын айтты.

“Өзүңүздөр билгендей, 2020-жылдын июнь айында Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен Дүйнөлүк Банктын «Салыктык башкарууну жана статистикалык системаны модернизациялоо» долбоору (35 млн АКШ доллар суммасында) ратификациялаган. Аны иштетүү мөөнөтү 2021-жылдан 2025-жылга чейин пландаштырылган. Аткаруучу органдар Мамлекеттик салык кызматы жана Улутстатком болуп саналат. Улутстаткомго тийиштүү бөлүгүндө сапаттуу расмий статистикалык маалыматтарды өндүрүү жана жайылтуу үчүн маалыматтык технологиялардын инфраструктурасын өркүндөтүү максаты коюлган” – деп, жыйынтыктады өз сөзүн Төрага.

Коллегиянын жыйынтыгында мыкты кызматкерлеринин эмгеги бааланып, Улутстаткомдун жана аймактык статистикалык органдардын өкүлдөрүнө диплом тапшырылды.

Галерея