CAVEX онлайн көргөзмөсүнө 10 ата мекендик компания катышат

20-02-2021
1317

10 атамекендик компания CAVEX виртуалдык мини көргөзмөсүнө катышат, Кыргыз Республикасынын инвестициялык потенциалы көрсөтүлөт. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын инвестициялык порталынын сайтында маалымдалды.

Көргөзмө Борбор Азия - Виртуалдык ЭКСПО көргөзмөсүнүн алкагында өткөрүлөт. Бул онлайн платформада Кыргыз Республикасынын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү, ошондой эле төмөнкү компаниялардын жана ишканалардын ишмердүүлүктөрү жана долбоорлору менен таанышууга болот:

  • ЖЧК "Tomato KG";
  • Студия ЧАПАНСАР;
  • ЖЧК "Арония Фарм";
  • ЖЧК "Kirtown Line";
  • "Кыргыз-Эт" Эт өндүрүүчүлөр жана кайра иштетүүчүлөр ассоциациясы;
  • Айко Сейко ЖЧКсы;
  • "Алыш-Дан Органик" кооперативи;
  • "Ulay Style" ЖЧКсы;
  • "Экопродукт Азия" ЖЧКсы;
  • ЖЧК "Империал Групп Компани".

Кичи көргөзмөнүн жыйынтыгы боюнча онлайн жолугушуулар жана сүйлөшүүлөр күтүлүүдө деп кошумчалайбыз, бүгүнкү күнгө чейин Япониянын Tokyo Rope компаниясы менен Kirtown Line ЖЧКнын ортосунда ишкердик сүйлөшүүлөр ийгиликтүү жүргүзүлдү.