Логистика жана мамлекеттик сатып алуулар илимий-изилдөө борборунда "Мамлекеттик сатып алуулар тутумун глобалдык жеткирүү чынжырына интеграциялоо" темасында тегерек стөл өткөрүлдү

01-03-2021
1872

2021-жылдын 26-февралында И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин «Логистика» бөлүмүнүн Логистика жана мамлекеттик сатып алуулар илимий-изилдөө борборунда "Мамлекеттик сатып алуулар тутумун глобалдык жеткирүү чынжырына интеграциялоо" темасында тегерек стөл өткөрүлдү

Тегерек стөлдүн максаты глобалдык мамлекеттик сатып алуулар тажрыйбасынын өнүгүшүн, алардын негизги аспектилерин жана глобалдык жеткирүү чынжырларында мамлекеттик сатып алууларды уюштуруунун өзгөчөлүктөрүн карап чыгуу болду.

Тегерек стөлдө төмөнкү маселелер көтөрүлдү:

  • Мамлекеттик сатып алуулардын дүйнөлүк практикасы.
  • Санариптик жеткирүү чынжырлары.
  • Агробизнестеги эл аралык жеткирүүлөр.

Тегерек стөлдө И.Раззаков атындагы КМТУнун, академик М.М.Адышев атындагы Ош технологиялык университетинин профессорлук-окутуучулар жамааты, сатып алуулар боюнча адистер, магистранттар жана студенттер катышты.

Тегерек стөлдүн отурумун кафедра башчысы, экономика илимдеринин доктору, профессор Уметалиев Акылбек Сапарбекович ачып, ал мамлекеттик сатып алуулардын ролун, экономиканы турукташтыруунун жана тутумдунда глобалдык жеткирүү чынжырында конценрациялоонун экономикалык жөнгө салуусунун натыйжалуу куралы экендигин белгиледи.

Андан ары, "Сатып алуу логистикасы" профилиндеги студенттердин жана магистранттардын актуалдуу жана заманбап темалардагы докладдар угулду:

"Жеткирүү чынжырларын башкаруу тутумдары" - Болот кызы Алия, Лг-2-18 тобунун студенти;

"Дүйнөлүк интеграциялык бирикмелердеги мамлекеттик сатып алуулар секторун жөнгө салуу: НАФТА мисалында" - Арстанбек Калыялиев, Лг-2-18 тобунун студенти;

"Жеткирүү чынжырын башкаруу" жана "Нарк чынжырын башкаруу" түшүнүктөрүнүн салыштырмасы - Алмазбеков Дастан, Лг-1-18 тобунун студенти;

"Мамлекеттик сатып алуулардын дүйнөлүк тажрыйбасы" - Жапаров Адилет, Лг-1-18 тобунун студенти;

"Мамлекеттик сатып алууларда ГИС - технологияларды колдонуунун чет элдик тажрыйбасы" - Ашикеев Нурсултан, Алдаберген Максат, Лгм-1-20 тобунун магистранттары;

"Мамлекеттик сатып алуулар тутумунда жарандык коом институттарынын катышуусу: дүйнөлүк тажрыйба" - Анастасия Голощапова, Лг-3-18 тобунун студенти.

Тегерек столдун натыйжасында кафедранын окутуучулары сөз сүйлөштү: э.и.к., доцент Долотбакова Аида Кеңешевна, э.и.к., доцент Орозонова Азык Абдыкасымовна, ага окутуучу Даниярова Бурулсун Джигиталиевна, өз сөздөрүндө катышуучуларга мазмундуу докладдар жана презентациялар үчүн ыраазычылык билдиришти, ошондой эле докладдардын темаларды курстук, квалификациялык жана магистрдик иштерди жазууда андан ары өркүндөтүүнү каалашты.

Галерея