2021-жылдын 11-мартында "Мамлекеттик сатып алууларда Жүрүм-турум илимин колдонуу" деген темада сессия болуп өттү

15-03-2021
2008

2021-жылдын 11-мартында "Мамлекеттик сатып алууларда Жүрүм-турум илимин колдонуу" деген темада сессия болуп өттү. Сессияны Дүйнөлүк Банк тобу уюштурган. Сессияга: Дүйнөлүк Банктын Европа жана Борбордук Азия боюнча глобалдык практика боюнча менеджери Криш Кришнакумар, Сатып алуулар боюнча чечимдер жана инновациялар, Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин «Логистика» кафедрасынын башчысы Акылбек Уметалиев, Экономика жана Финансы министрлигинин алдындагы Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин директору Нурида Байзакова, Экономика жана Каржы министрлигинин алдындагы Окуу борборунун директору Эрке Турдумамбетова катышты. Дүйнөлүк Банк тарабынан Ирина Гончарованын модератору болду. Бардыгы болуп сессияга 80ден ашуун угармандар катышты: окутуучулар, студенттер, сатып алуулар боюнча адистер, эксперттер, бизнес өкүлдөрү, Дүйнөлүк Банктын долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмдөрүнүн кызматкерлери жана башкалар.

Сессияны Кришнакумар мырза ачып, бул анын И.Раззаков атындагы КМТУнун “Логистика” кафедрасы менен болгон үчүнчү жолугушуусу экендигин жана ар бир жолугушуу ага жагымдуу гана таасир калтыраарын белгиледи. Сессиянын темасына токтолуп, Кришнакумар мырза Жүрүм-турум илими көйгөйлөрдү чечүүгө, ошондой эле Жүрүм-турум илимге негизделген чечимдерди кабыл алууга жардам берүүчү күчтүү курал катары маанисин баса белгиледи. Экономика жана Финансы министрлигинин алдындагы Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин директору Нурида Асановна Жүрүм-турум илимине негизделген методиканы иштеп чыгуу туура чечим болот деген оюн айтты.

Бүткүл Дүйнөлүк Банк 2010-жылы Жүрүм-турум илими жаатында изилдөөлөрдү баштаган жана ушул мезгил аралыгында көптөгөн тажрыйбаларга ээ болуп, дүйнө жүзүндөгү көптөгөн өлкөлөрдө ийгиликтүү ишке ашырылган иштердин жүгүнө ээ болгон. Дүйнөлүк Банктын Жүрүм-турум илимин изилдөөчүлөрүнүн бири - таланттуу социолог жана изилдөөчү Джон Изабель Соуза, ал Жүрүм-турум илиминин презентациясынын негизги бөлүгүн берген. Презентация сессиянын катышуучуларынын арасындагы кызыктуу жана уникалдуу тажрыйба менен башталды, балким муну Журум-турум илимди изилдеп жаткан социологдон күтүү керек эле. Кийин белгилүү болгондой, эксперимент текке кеткен жок, анткени бардык катышуучулар материалды дароо түшүнүп алышты. Андан ары, Джона Изабель чечим кабыл алууга тоскоол болуп жаткан факторлор жана өзгөрүлүп жаткан шарттарда кандайча чечимдерди ийгиликтүү кабыл алуу керектигин, эмне үчүн мамлекеттик сатып алуулардагы жүрүм-турумду эске алуу керектигин, салык дисциплинасы менен байланышкан натыйжалуулукту жогорулатуунун мисалы жөнүндө айтып берди. Сессиянын катышуучулары жана айрыкча студенттер берилген материалды жогору баалашты жана Жоандын сөздөрү аяктагандан кийин, активдүү суроолорду беришип, бир гана Жоандын өзүнөн эмес, Ирина Гончарова жана Кришнакумар мырзадан кеңири жоопторду алышты.

Экономика жана Каржы министрлигинин алдындагы Окуу борборунун директору Эрке Турдумамбетованын сөзү да сессияга жакшы көз ирмемдерди тартуулады. Ал мындай билим берүү жолугушуулардын маанилүүлүгүн белгилеп, катышуучуларына сессиянын темасына абдан кызыкдар экендигин айтты. Эрке Турдумамбетова айым КМТУнун “Логистика” кафедрасы менен Экономика жана Каржы министрлигинин алдындагы Окуу борборунун ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлгандыгын, эми логист-студенттер тест тапшырып, ийгиликтүү өтсө, сатып алуучунун сертификатын ала тургандыгын жарыялады.

Галерея