«Логистика» кафедрасында «Логистикалык борборлор - айыл чарба тармагынын өнүгүүсүнүн кыймылдаткычтары” темасында V Эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү

14-04-2021
1697

2021-жылдын 6 апрелинде И.Раззаков атындагы КМТУнун Кыргыз-Герман техникалык институтунда «Логистика» кафедрасынын 10-жылдык мааракесине арналган «Логистикалык борборлор - айыл чарба тармагынын өнүгүүсүнүн кыймылдаткычтары” темасында V Эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү.

Конференцияга илимпоздор, алдыңкы логистикалык компаниялардын жетекчилери, фонддордун, билим берүү мекемелеринин өкүлдөрү, окутуучулар, аспиранттар жана студенттер катышты.

Жыл сайын бул иш-чара студенттердин, магистранттардын жана аспиранттардын илимий-изилдөө иштеринин натыйжаларын тааныштыруу, ошондой эле жаш изилдөөчүлөр менен окутуучулар жамаатынын тажрыйба алмашуусу үчүн аянтчага айланат.

Конференциянын ачылышында куттуктоо сөзү менен И.Раззаков атындагы КМТУнун ректору Чыныбаев Мирлан Койчубекович жана илимий иштер жана тышкы байланыштар боюнча проректору Султаналиева Рая Мамакеевна чыгышты.

Чакырылган коноктор:

Дүйшекеева Алиса Өмүркуловна - Айыл, суу чарба жана аймактык өнүгүү министрлигинин маркетинг бөлүмүнүн башкы адиси;

Касыкенов Жаныбек Касыкович - Кыргыз Республикасынын Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникация министрлигинин бөлүм башчысы;

Шабданалиев Темирбек Мусаевич - Кыргыз Республикасынын жүк ташуучулар жана логисттердин ассоциациясынын төрагасы, И.Раззаков атындагы КТМУнун “Логистика” кафедрасынын доценти;

Коккозов Максат, “Винет” компаниясынын башкы директору;

Сагынбаев Эрхан Нурконович, "Акнет" компаниясынын жетектөөчү адиси;

Прусакова Диана Александровна – “Азия импорт Групп” соода компаниясынын сатуу боюнча менеджери;

Молдалиев Жумабек Жолдошбекович - "Алидар" компаниясынын аткаруучу директору;

Эрик Айдар - «Глобал Саплаер» адистештирилбеген дүң соода компаниясынын башкы директору.

Конференциянын иши Кыргызстандагы логистиканын негизги багыттарын камтыган 4 секцияда өттү: "Виртуалдык логистикалык борборлор үчүн маалыматтык технологиялар", "Айыл чарба продукцияларын ташуу жана таңгактоо", "Органикалык айыл чарбасынын экспортун көбөйтүү", "Мамлекеттик сатып алуулар тутумунун айыл чарба продукциялар боюнча глобалдык жеткирүү чынжырларына интеграциялоо".

"Логистика" кафедрасынын башчысы Уметалиев Акылбек Сапарбекович белгилегендей, пленардык отурумдарда, секцияларда жана бөлүмдөрдө 60тан ашык докладдар угулду. КМТУнун студенттеринен тышкары, Казак-Герман университетинин, УНПК МУК, К.И.Скрябин атындагы КУАУнин, Ош гуманитардык университетинин, Л.Н.Гумилев атындагы Евразия Улуттук университетинин студенттери катышышты.

Конференциянын жыйынтыгында кийинки секцияларда дипломдор жана баалуу сыйлыктар тапшырылды.

"Виртуалдык логистикалык борборлор үчүн маалыматтык технологиялар" аттуу 1-секцияда биринчи даражадагы дипломду алган:

Монолдоров Нурболот, Лг-2-19 тайпасы;

II даража: Скляров Роман, Баратбаев Семетей, Лг-1-19 тайпасы;

III даража: Балгарбекова Канымжан, Чоңов Артур, Лг-2-19 тайпасы.

"Айыл чарба продукциясын ташуу жана таңгактоо" аттуу 2-секцияда I даражадагы дипломду алган: Джунусова Элиза, Лг (б) -2-19 тайпасы;

II даража: Мукашева Айнуска - K.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин студенти;

III даража: Басанова Алия, Технология факультетинин студенти, гр.ТПППРС –ТК-1-18 тайпасы;

"Органикалык айыл чарбасынын экспортун көбөйтүү" атту 3-секцияда I даражадагы дипломуна төмөнкүлөр ээ болду: Степаненко Наталия, Лг (б)-1-18 тайпасы;

II даража: Бекк Виктория, Лг(б)-2-18 тайпасы, Исаева Аяна, Лг(б)-2-18, Султанова Лейла, Лг(б)-3-18 тайпасы;

III даража: Шеповалова Анастасия, Кыргызстан Эл аралык университетинин студенти, E-1-18 тайпасы;

"Мамлекеттик сатып алуулар тутумунун айыл чарба продукциялар боюнча глобалдык жеткирүү чынжырларына интеграциялоо" аттуу 4-секцияда I даражадагы дипломго ээ болушкан: Салиева Аделина, Аскербеков Али, Лг(б)-2-17;

II даража: Омарбекова Назерке, Л.Н.Гумилев атындагы Евразия Улуттук университетинин студенти;

III даража: Султанбеков Иса, Технология факультетинин студенти, ТПППРС(б)-1-18(ТК) тайпасы.

Галерея