"Мамлекеттик сатып алууларда базар механизмдерин өркүндөтүү" темасында вебинар өткөрүлдү.

07-05-2021
1619

2021-жылдын 28-апрелинде И.Раззаков атындагы КМТУнун алдындагы КГТИнин Логистика бөлүмүнүн Логистика жана мамлекеттик сатып алуулар илимий-изилдөө борборунда (ЛМСАИБ) "Мамлекеттик сатып алууларда базар механизмдерин өркүндөтүү" темасында вебинар өткөрүлдү.

Вебинарды АӨБдүн эксперти Гүлнур Ширдакова (Азия Өнүктүрүү Банкынын сатып алуулар боюнча адиси; Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Окуу борборунун мамлекеттик сатып алуулар боюнча тышкы тренер-консультанты; Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министрлигинин сатып алуулар боюнча адиси Республика ж.б.).

Вебинарда мамлекеттик активдерди башкарууда натыйжалуулугун жогорулатуунун, атап айтканда, сатып алууларды башкаруу процессине рыноктук инструменттердин механизмин киргизүү аркылуу мамлекеттик сатып алуулар тутумун өркүндөтүүнүн негизги көйгөйлөрү талкууланды. Учурда Кыргыз Республикасында экономикалык саясаттын сатып алуулар жаатындагы колдонуудагы мыйзамдарды өркүндөтүүгө багытталган механизмдери түзүлгөндүгү белгиленгенди. Бирок, бюджеттик каражаттарды эффективдүү пайдалануу, акниеттүү атаандаштыкты өнүктүрүү, коррупцияга жол ачкан мүмкүнчүлүктөрдү жок кылуу үчүн мамлекеттин экономикалык саясатын андан ары өркүндөтүү талап кылынат.

Вебинарда сатып алуулар жаатында мыйзамдардын учурдагы абалы заманбап чакырыктарга жана коркунучтарга жооп бербегени жана өркүндөтүүнү талап кылуусу жыйынтыкталды. Андан тышкары, өркүндөтүү процесстери мыйзам чыгаруу деңгээлинде гана эмес, кардарлардын деңгээлинде дагы жүргүзүлүшү керек.

Галерея