Эл аралык сатып алуулар конференциясы 2021

06-10-2021
1650

24-25 -сентябрда Логистикалык жана мамлекеттик сатып алуулар боюнча изилдөө борборунун (ЛМСИБ) директору Акылбек Уметалиев эл аралык кызматташтыкты кеңейтүү жана тажрыйба алмашуу максатында, ISM -INDIA чакыруусу боюнча “Сатып алуулар 2021 эл аралык конференциясы” аттуу иш -чарага катышты.

Дүйнөлүк банк менен биргеликте Индиянын Камсыздоо Институту эл аралык конференцияны өткөрдү. Индиянын Камсыздоо Институту (ISM-INDIA) 50,000ден ашуун камсыздоо менеджментинин адистеринин мүчөсү болгон, дүйнөдөгү эң чоң камсыздоо менеджмент институту болуп келет.

Конференциянын программасы сатып алууда санарип технологияларды колдонууга, санариптик (акылдуу) сатып алууларды колдонуу менен заманбап көйгөйлөрдү чечүүнүн жаңы ыкмаларына багытталган. Конференциянын темасы "Сатып алуулардагы мыктылыкка жол" конференциянын ураанында чагылдырылган - "Санариптик сатып алуулар сатып алуулардын кийинки, табигый эволюциялык кадам" - электрондук сатып алуулар санарип доорунун негизинде" болгон.

Санариптик (SMART) сатып алуу - бул трансформацияны жеңилдетүү үчүн технологияларды колдонуу. Конференциянын программасы уникалдуу болуп жана чыгарылган тыянактар мамлекеттик жана жеке секторлордо сатып алууда пайдалуу жана колдонулат.

Конференциянын аягында чыгарылган негизги тыянактар:

  • Санариптик сатып алуулар түшүнүгүн чечмелөө;
  • Бузуучу технологиялардын түрлөрү;
  • Сатып алуунун жаңы мүмкүнчүлүктөрүн ачуу үчүн маалымат аналитикасы;
  • Келишимди башкаруу жана акылдуу келишимдер;
  • Сатып алуулар планын иштеп чыгуу;
  • Мамлекеттик сатып алуулар үчүн рынокту талдоо;
  • Сатып алуунун эволюциясы;
  • Туруктуу сатып алуулар;
  • Өзүңүздү эффективдүү лидер катары өнүктүрүү.

Мындай эл аралык конференцияларды өткөрүү өтө маанилүү, анткени товарларды жана кызматтарды сатып алууга кеткен чыгымдар жеке компаниянын кирешесинин 70% ын жана мамлекеттик сатып алууларда ИДПнын дээрлик 20% ын түзө алат. Бул сатып алууларды экономикалык жактан эффективдүү жана натыйжалуу кылуу үчүн стратегиялык артыкчылыкка айландырат. Бул жагдай сатып алууларды тактикалык деңгээлден стратегиялык жана санариптик функцияга айландырууну талап кылат. COVID-19 бул өзгөрүүнү бир нече жылга тездетти.

Мамлекеттик сатып алуулар (анын ичинде жеке сатып алуулар) инновацияга өбөлгө түзөт. Мамлекеттик сатып алууларды стратегиялык колдонуу өкмөттөргө улуттук жана жергиликтүү деңгээлде инновацияны стимулдаштырууга жана акыры өндүрүмдүүлүктү жана инклюзивдүүлүктү жакшыртууга жардам берет.