“Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун талкуулоо боюнча парламенттик угуу өттү

05-04-2022
1351

4-апрелде Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети депутат Данияр Төлөновдун төрагалыгы алдында “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” КР мыйзамынын долбоорун талкуулоо боюнча парламенттик угуу өткөрдү. Парламенттик угууга мамлекеттик органдар менен ведомстволордун, эл аралык уюмдардын, каржы институттарынын, бизнес-ассоциациялардын өкүлдөрү катышты.

Мыйзам долбоорун КР каржы министринин орун басары Улукбек Календеров тааныштырды. Ал белгилегендей, мыйзам долбоорунун негизги максаты мамлекеттик сатып алуулар системасын өркүндөтүү жана алдыңкы тажрыйбаны киргизүү, ошондой эле мамлекеттик сатып алуулардын жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү жана коррупцияны минималдаштыруу болуп саналат. Мыйзам долбоору сатып алуулардын жол-жоболоруна төмөнкүдөй негизги өзгөртүүлөрдү киргизүүнү карайт: электрондук кол тамганы (квалификациялуу ЭС) пайдалануу аркылуу электрондук сатып алууларга толук өтүү, электрондук форматта келишимдерди түзүү (смарт контракттар) аны кийинчерээк веб-порталда администрациялоо менен, борборлоштурулган мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүчү орган - Сатып алуу борборун (агентти) түзүү.