“Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” мыйзамга кол коюлду

14-04-2022
127

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2022-жылдын 6-апрелинде кабыл алынган.

Мыйзам мамлекеттик сатып алуулардын жол-жоболорун жөнөкөйлөштүрүүгө жана коррупцияны минималдаштырууга багытталган.

Ошол эле учурда, ушул Мыйзам уставдык капиталындагы үлүштүн 50 жана андан ашык пайызы мамлекетке, анын ичинде алардын туунду компанияларына таандык болгон мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар, акционердик коомдордун тарабынан сатып алууларды жөнгө салбайт.

Белгилей кетсек, бир катар коомдук уюмдар коррупциялык тобокелдиктерден улам бул мыйзамга кол койбоону суранышкан.

«Акционердик коомдорду жана алардын туунду компанияларын (мындан ары - АК) жана мамлекеттик/муниципалдык ишканаларды (мындан ары - МИ)

«Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» мыйзамдын чөйрөсүнөн чыгаруу олуттуу коррупциялык тобокелдиктерди камтыйт. АК жана мамлекеттик ишканалар тарабынан сатып алуулардын ачык-айкындыгын камсыз кылуу маселеси тынчсыздандырат, анткени аларды сатып алуулардын жылдык көлөмү болжол менен 25,3 миллиард сомго жетет, бул өлкөдөгү мамлекеттик сатып алуулардын жалпы көлөмүнүн 38,5 пайызын түзөт. Ошону менен бирге 2021-жылы ачык сатып алуу жол-жоболорун жүргүзүүдөн үнөмдөлгөн АК, мамлекеттик ишканалар/МКлар 3,0 млрд сомду түздү. Бүгүнкү күндө учурдагы мамлекеттик сатып алуулар порталы (http://zakupki.gov.kg/) ачыктыкты жана айкындуулукту камсыздайт, анткени ал сатып алуулар планынан тартып келишимдерди түзүүгө чейин жүргүзүлүп жаткан сатып алуулар боюнча маалыматтын бирден-бир жеткиликтүү жери болуп саналат. Ошондой эле, жогоруда белгиленгендей, атаандаштыктын күчөшүнөн келип чыккан олуттуу үнөмдөөлөр бар.

Бирок, акционердик коомдордун жана мамлекеттик ишканалардын сатып алуулар мыйзамынын чөйрөсүнөн чыгуусу олуттуу коррупциялык тобокелдиктерди пайда кылат, мисалы:

• Коррупциянын өсүшү

АО, МИ жабык сатып алууларды жүргүзүшөт, жеңишти өздөрүнүн "сүйүктүү камсыздоочуларына гана ыйгарышат. Бул, албетте, сатылып алынган товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн баасынын өсүшүнө таасирин тийгизет жана жалпысынан акчаны үнөмдөө жөнүндө унутууга болот;

• Мамлекеттик көзөмөлдүн төмөндөшү

анын натыйжасында Кыргызстанда АК, МИ салык төлөөчүлөрдүн каражаттарынын натыйжасыз пайдаланылышына алып келет. Белгилей кетсек, жогоруда аталган уюмдардын бардыгы мамлекеттик сектордун бир бөлүгү болуп саналат жана дээрлик бардыгы мамлекеттик бюджеттен субсидиялар, максаттуу бюджеттик ассигнованиелер, уставдык капиталды көбөйтүүгө каражаттар, жеңилдетилген кредиттер, ошондой эле көрсөтүлгөн кызматтар үчүн калктан төлөмдөр түрүндө ири суммадагы каражаттарды алышат;

• Ачык эмес сатып алуулар

АК, мамлекеттик ишканалар сатып алуулар «көмүскө» болууну каалашат, бул Кыргыз Республикасынын Конституциясында белгиленген жарандардын жеке укуктарын жана эркиндиктерин бузуу болуп саналат. Алсак, Конституциянын 33-беренесинде жарандардын мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ошондой эле республикалык жана жергиликтүү бюджеттерден каржылануучу уюмдардын катышуусу менен юридикалык жактардын иши жөнүндө маалымат алуу укугу каралган;

• Жабык сатып алуулар

Көптөгөн бизнес өкүлдөрүнүн АК, МИ жүргүзгөн сатып алууларга мүмкүнчүлүгү болбойт. АК, МИ сатып алууларды сүйлөшүү оңой болгон өнөктөштөр гана алышат. Ошентип, “Атаандаштык жөнүндө” мыйзам бузулуп, “Ишкерлердин укуктарын коргоо” мыйзамы кепилденген ишкерлердин укуктары тебеленип жатат;

• Бизнес жана жарандык коом тарабынан ишенимдин төмөндөшү

Ошентип, акционердик коомдорду, мамлекеттик ишканаларды сатып алуулар мыйзамынын чөйрөсүнөн алып салуу коррупциянын гүлдөшү үчүн шарттарды түзүүгө алып келет, бул мамлекеттик бийликти ишке ашыруунун принциптерин бузуу болуп саналат. Эске салсак, Конституциянын 4-беренесине ылайык, мамлекеттик кызмат адамдарына коррупцияга шарт түзүүчү аракеттерди жасоого тыюу салынат. Ошол эле учурда Жогорку Кеңештин депутаттары дагы мамлекеттик кызмат адамдары болуп саналат жана чечимдерди кабыл алууда өлкөнүн эл аралык милдеттенмелерине, жөнгө салуучу таасирин талдоого негизделип, алдыңкы эл аралык тажрыйбаны эске алышы керек.

Парламенттин иш-аракеттери домино эффектин пайда кылып, акыркы 7 жылда позитивдүү багытта иштеп, өнүгүп келе жаткан мамлекеттик сатып алуулар системасынын кыйрашына алып келиши мүмкүн», - деп айтылат жарандык сектордун кайрылуусунда.