Кеттеринг университетине сапар

24-05-2022
1311

Ассалоому алейким туугандар! Ушул жылдын май айында Америка Кошмо Штатынын элчилиги уюштурган долбоордун алкагында 5 жылга виза алып, Мичиган штатындагы Чикаго, Детройт шаарларына жакын жайгашкан Кеттеринг Университетине барып келдим. Кеттеринг деген инженер унаанын стартерун ойлоп чыгарган жана университет уюштурган. Ушул университет тууралуу kettering.edu деген сайттан кенен таанышсаныздар болот.

Биздин мугалимдерге жана студенттерге жакшы жол ачылганы турат. Келишимдин негизинде ушул мыкты университет менен алака тузуп, гранттын (акысыз) негизинде окуулар, курстар, семинарлар, изилдоолор эки тарапта тен - АКШда, бизде да Кыргызстанда жургузулот.

Бул университет 1919-жылы, мындан 103 жыл мурун ачылган. Кирешеси, менчик фонду 260 млн.доллар, Шевроле аттуу унааларды чыгарган Дженерал Моторс автозаводунун базасында уюшулган, 550 дон ашык шериктеш мекемелери менен иштешет.

Заманбап илим, технология, инженерия, математика жана бизнес тармагын окутат. Айрыкча, автоунаа жасоо технологиясын окутуу дуйнодо эн жогорку денгээлде турат. Окуу имараттары, устаканалары, лабораториялары, жатаканалары, окуу класстары эн жогорку талаптарга жооп берген акыбалда туруктуу кызмат кылат.

Акылбек Уметалиев.