Жаңы статус - Эл аралык логистика жогорку мектеби (ЭЛЖМ)

05-09-2022
1309

Биз сайтыбыздын коноктору арасында жакшы жаңылык менен бөлүшкүбүз келет. «Логистика» кафедрасынын жааматынын 2009-жылдан берки жемиштүү жана таанылган эмгеги пайдалуу натыйжаларды берди:

  • студенттердин саны өсүүдө;
  • бакалаврдын, магистрдин, доктордун билим деңгээли киргизилди;
  • эл аралык уюмдар жана университеттер менен ишенимдүү өнөктөштүк түзүлдү.

Демек, биздин Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин «Логистика кафедрасы» кеңейип, жаңы статуска ээ болду – Эл аралык логистика жогорку мектеби (ЭЛЖМ) pplo.kg сайтында кеңири. Быйылкы 2022-2023-окуу жылында биз 70ке жакын бакалавр, 8 магистр жана 5 докторантты алдык.